Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Салянова жүрөгү ооруп, чет өлкөгө чыга албай жүргөн...

Аида Салянова жүрөгү ооруп, чет өлкөгө чыга албай жүргөн...

30-август, 12:13
1 155 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын мурдагы башпрокурору Аида Салянова Казакстандагы клиникалардын биринде жүрөгүнүн клапандарын алмаштырды. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» билдирип, учурда абалы жакшы экенин маалымдашты.

Жакындарынын айтуусунда, Аида Салянова жүрөгү ооруп, операция зарылдыгы болсо да сот чечимине ылайык чет өлкөгө чыга албай жүргөн. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып менен соттолгон. Быйыл март айында Жогорку сот жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы башпрокурор болуп иштеген. 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер