Жаңы билим берүү системасына даярдыгыбыз жетиштүүбү?


-- Учурда билим берүү тармагына жаңы система киргизилип жатат. Биз даярдык көрүп үлгүрбөй туруп эле ишке киришип кеткендей болдук. Эми бул реформаны ийгиликтүү алып кете алабызбы? Жаңы система тууралуу сиздин көз карашыңыз кандай?

Рахат Аманова, Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн директору:
-- Ачыгын айтайын, мугалим катары билим берүү министрлигинин демилгеси менен ишке ашып жаткан 12 жылдык билим берүү системасына караманча каршымын. Билим берүүдөгү бул күмөн системага өтүүгө түп көтөрө эл-журт дагы каршы чыкты. Элдин ой-пикири менен эсептешпей туруп, тагыраагы, министрлик өкүм менен киргизип жаткан бул системанын деги бир алгы жагын көргөн жокмун.
Биринчиден, эми жогорку билимдүү адис болом деген улан-кыздар дээрлик 20 жыл окуш керек экен, 12 жыл мектепте, 4 жыл бакалаврда, 2 жыл магистратурада. Ал эми илим жолуна түшкөн же жогорку билимдүү дарыгер болом дегендер дээрлик 23 жыл окушат. Ошондо жаштар ЖОЖду 25-27 жашында, медиктер, аспиранттар 30га чыгып калганда окуудан колу бошоп жатат.
Ушул жерден суроо туулат: уул-кыздарын дээрлик 25-30 жашка дейре окутканга ата-энелердин чама-чаркы жетеби? Албетте, көпчүлүк ата-эненин буга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Мындай чектелүү эмнеге алып келет? Эртеңкисин ойлогон жаш ата-энелер балалуу болгондон кача башташат. Ансыз деле азыркы жаштар турмуш кургандан кача баштаган кезге жеттик. Ал эми бир баланы 25 жыл багуу, окутуу деген милдеттен качкан жаштар эртең бир же эки эле балалуу боло баштайт. Ал эми бул демографиялык кризиске алып барат. Аз сандуу кыргыз элине атайын жасалма жаратылган ушундай маселе керек беле? Жок, керек эмес болчу.
Экинчиден, 12 жылдык билим берүүнүн демилгечилери, аткаруучулары "эмнеге 12 жылдык окууга өтүп жатабыз?" деген суроого: “Жаштар учурдагы эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бериши керек. Бул система күчтүү, билимдүү кылат" дешет. А бирок Батышта, АКШда ж.б. өлкөлөрдө канат жайган 12 жылдык окуунун бизге көндүм болгон, сапаттуу билимди камсыз кылган советтик билим берүү системадан бир сөөм артыкчылыгын көргөн жокмун.
Мынакей, 11 жылдык окутуу деп киргизишти эле, эмне жыйынтык берди? Бул 11 жылдык окутуу мезгилинде өлкөбүз туташ чала сабаттуулукка кептелди. Демек, бир жыл эмес, эки жыл эмес, дагы беш жылды кошуп койсо дагы билим сапаттуу болуп кетпейт экен. Билимдин мыкты сапатын билими күчтүү мугалимдер, сабаттуу ата-энелер, сабаттуу коомчулук жана коом, билимди биринчи орунга койгон бийлик гана камсыз кыла алат.
Демек, балдарды 17 жашка чейин 10 жылдык сапаттуу билим менен мектепти бүтүрүп койгон максаттуу деп эсептейм. Анткени, андан ары терең билим алам деген улан-кыздарга ЖОЖго кеңири жол ачылмак. Аң-сезими илим менен эрте каныгат болчу, эрте сиңет болчу.
Үчүнчүдөн, “адистерди даярдап туруп, биология, химия, физиканы кошуп окутабыз” деп жаңылык киргизишти. Фундаменталдуу бул илимдерди бир окутабыз демиш болуп туруп, эми табигый илимдер тууралуу түшүнүктөрдү гана бере алган арабөк адистердин колуна салып берип, биротоло келечектеги физик, биолог же химиктерден кол жууганы калдык.
Мындайча айтканда, 12 жылдык билим берүү системасы коомго сапаттуу, мыкты билимди камсыз кылып бере албайт. Бул менин жеке пикирим.

Эльдар Абакиров, ЖК депутаты:
-- Билим берүүдө 12 жылдык системага өтүү оңой эмес. Бүт китептерди жаңыртыш керек. Бизде 6 жаштагылар 1-класска барып жатышат. Бул туура эмес. Бала 7 жаштан баштап мектепке барышы керек. 11-12-класска университетке окуй турган гана балдар окуйт. Балдардын 60-70%ы 11ди бүтүп колледж, училищелерге барып орто кесипке ээ болушу керек. Ошого карата колледж, училищелердин баары ошого даяр болушу абзел. Мындайча айтканда, жакшы ремонттордон өтүп, жабдыктар, мыкты мугалимдер менен камсыздалышы шарт. Ошол жагынан менимче даярдык азыраак. Көп жасала элек иштер бар. Жакшы аракеттерди көрсө, бул маселени чечсе болот. Бирок бул жаатка көп каражат, миллиарддаган сомдорду бөлүү зарыл.
"Азия Ньюс" гезити











