Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Биздин врачтарды идеалдуу катары айта албайбыз”

Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Биздин врачтарды идеалдуу катары айта албайбыз”

18-июнь, 19:30
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Аида Исатбековна, Жогорку Кеңеште медицина кызматкерлерине кол көтөргөндөргө айып пул салып, же эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоору даярдалып жатыптыр. Ал боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Ооба, мен да жаңылыктардан окудум, биздин депутаттар тарабынан ошондой мыйзам долбоору даярдалып жатыптыр. Менин оюмча, бул талаш-тартыштуу маселе го, ошон үчүн адегенде карап чыгыш керек. “Таяктын эки учу, медалдын эки бети бар” деп коюшат эмеспи. Моюнга алыш керек, социалдык түйүндөрдүн таасириби, азыр элдин баарынын нерви жука, кичинекей эле сөздү көтөрө албай, туура эмес кабыл алып, урушуп кетебиз. Мындай көрүнүш биздин бейтаптар менен алардын жакындарына гана эмес, ак халатчандарга деле мүнөздүү. Мына, мага үч күндөн бери шайлоочулар кайрылып атышат. “Жугуштуу оорулар ооруканасынын балдар бөлүмүндө бир эле врач кабыл алууда, ал эми бейтаптар болсо көп” дешет. Ата-энелерди деле түшүнсө болот, алар ал жакка жыргаганынан барган жок да. Кичинекей балдар болсо, дене табы көтөрүлүп, жаны кыйналып атса... Андыктан, бул өтө талуу маселе. Мыйзамды кабыл алардын алдында аны өтө кылдат изилдеп, эки тарапты тең карап, анан чечим кабыл алуу зарыл.

-Бул акыркы күндөрү дарыгерлерге кол көтөргөн фактылар көбөйүп кеткенинен улам аргасыздан көтөрүлүп жаткан демилге болсо керек...

-Баары бир эки жакты тең караш керек. Биздин врачтар идеалдуу деп айта албайбыз да. Эртең менен бирөө маанайын бузуп койсо өзү дарылаган бейтапка келип, кагып-силкип коюшу мүмкүн. Анан бейтап ага жооп берсе, кандай болот? Ошондуктан, бул жана жогоруда айткандай, өтө кылдат изилдеп, анан чечим кабыл алчу маселе. Менин да үйдө ооруп жаткан атам бар. Менден кээде “кандай мыйзамды демилгелеп жатасың?” деп сурап калат. Медициналык билими же лицензиясы жок болсо да ийне сайгандарга карата айып пулду күчөтүп, эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажаратуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканымды айттым. “Силер деген элдин өкүлүсүңөр да. Жалаң айып пул салган мыйзамдарды токтотуп, өкмөт даярдап алып келген күндө да аларды кыскартууга аракет кылышыңар керек” дейт. Ойлоп көрсөм, чындап эле туура экен...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер