Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрамжан Илмияновдун оор кылмыштарга айыпталышына негиздер бар

Икрамжан Илмияновдун оор кылмыштарга айыпталышына негиздер бар

01-март, 22:58
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламентте депутат Медер Алиев президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун кылмыштуу аракеттерине токтолуп, коомчулук астында жазалоонун жумшак мааниде сунуш кылды. Көпчүлүккө жага турган кеп экени талашсыз. Алмазбек Атамбаев бийликке келгиче шопур кембагал кейиптен кичине эле жогорку деңгээлде жүрчү. Анан көрүп алгыла, жети жылдын ичинде өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кошулуп, манчыркап калды. Саясый, мамлекеттик иштерди чечип, катуу доор сүргөн. Кантип олгархка айланганы иликтенбесе деле байкалып турбайбы. Ириде “Мыйзамсыз баюу”, “Коррупция” беренелери менен иш козгоп, камаса болбойбу? “Алып-жулганын” мамлекетке төксүн да! Айтмакчы, Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде Икрамжан Илмияновду эл көзүнө жазаламыш этип, “Алдамчылык” боюнча гана айыптап, түрмөгө кесип, кайра тез эле чыгарып, чоң жоопкерчиликтен кутултуп жибергенин билесиңер да. А учурда заман башка, кийинки чиновниктерге сабак, тарбия болушу үчүн Илмиянов жазасын катуу алса, эски ыплас жоруктар, “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген” кесепеттер кайталанбайт эле. Өтмүштү оңдоп алмайын, келечекке кантип дүрбү салабыз?..  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер