Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-жайы жок, көчөдө калган адамдарга жардам көрсөтүлдү

Үй-жайы жок, көчөдө калган адамдарга жардам көрсөтүлдү

19-декабрь, 17:50
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте “Боорукерлик” акциясы өтүп, “Коломто” муниципалдык мекемесинде үй-жайы жоктор үчүн тамак жана кийим-кечек берилди. 

Биринчи Май районунун акимчилиги менен бейөкмөт уюмдар үйү жок 87 адамга жардам беришти. Алар медициналык текшерүүдөн өтүп, Улуттук Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары жылуу кийимдерди, мекемеде жаткандар үчүн жууркан алып келишкен.

Ошондой эле “Бишкек жана Кыргызстан епархиясы” кайрымдуулук уюму да жылуу кийим-кече, бут кийим алып келген.

Эскерте кетсек, “Коломто” мекемеси 1998-жылдын август айынан тарта иштеп келе жатат. Мекеме жашоодо оор күндөргө туш болгон адамдарга, үйсүз калгандарга жардам жана колдоо көрсөтүп келет. Мекеменин имараты 70 кишиге ылайыкталган. Бирок, кыш мезгилинде андан да көп адамдар кайрылышат.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер