Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча дыйкандарга жетпей жатат”

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча дыйкандарга жетпей жатат”

07-апрель, 19:30
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, жакында эле округга барып келбедиңиздерби. Шайлоочулар кандай көйгөйлөрүн айтышты?

-- Эң негизги көйгөй – “мамлекет бөлгөн акчаларды, жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алалбай жатабыз, банкка барсаң орой мамиле жасашат, “эртең, бүрсүгүнү кел” деп убара кылышат” деп айтышты. Мындай көйгөйдү жалгыз эле мага эмес, башка кесиптештериме да айтышкан экен, ошондуктан мен бүгүн маселе койдум. Биз банктардын жетекчилерин парламентке чакырып, маалыматын угушубуз керек. Эмне үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча дыйкандарга жетпей жатат? Жазгы талаа жумуштары бүтөрүнө бир эле ай калды. Андан кийин ал акчалардын кереги жок болуп калат. Дыйкандар эгиндерин бирөөлөрдөн карыз алып эгишти. Себеби, аба ырайы күтпөйт.

-- Жазгы талаа жумуштарына канча каражат бөлүнгөн?

-- Ошол маалымат да бизде так эмес. Былтыр билем, 10 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл деле ошончо сумма деп айтышкан, бирок канчасы берилгенин так билбей жатабыз. Өзүбүздө маалымат жок. Эми эртең банктардын жетекчилери чакырылса угабыз го. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер