Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кытай менен дос болуп, мамлекетибизди өнүктүрүүгө жол ачалы”

“Кытай менен дос болуп, мамлекетибизди өнүктүрүүгө жол ачалы”

08-июль, 00:24
3 107 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кытай дүйнө лидерлигине чыгып, ар тарабынан өнүгүүнүн жолунда баратат. Биздей өлкөгө канткенде жарыгы тийет? Кандай мамиледе болушубуз керек?

Эрнест Карыбеков, эксперт:

-- Азыркы күнгө чейин Кытай дүйнөдө эң алдыңкы үч өлкөнүн бири. Бирок, Кытай дүйнөлүк либералдык каржы экономика системасында болуп, өсүү деңгээли кичине төмөндөдү. Анткени, жалпы дүйнөлүк, доллардык система (Американын базар экономикасынан көз каранды) чоң структуралык кризиске такалды жана эл аралык белгилүү эксперттер айткандай, ушул доллардык система жылдын аягына чейин кыйрайт. Эгерде Кытай өзүнүн өнүгүү, өсүү жолун, моделин таап алса, анда дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөгө айланат. Ошондой эле болот, анткени Кытайдын жашоо философиясы өздөрүнүн миң жылдык улуттук баалуулуктарына таянып иш алып барат. Күнүмдүк эмес. 

Албетте, Кыргызстан жана жалпы эле Орто Азия өлкөлөрү Кытайга кызыкдар. Кытай биз аркылуу жаратылыш газын, энергоресурстарды алат. Европага Кыргызстандын аймагынан темир жол салынууда. Кара-Кече ТЭС курулса, бизден жогорку вольттук электр чубалгыларды өздөрүнө тартышат. Кошуна болгондуктан биз экономикалык интеграцияны күчөтүшүбүз керек, бирок өтө маанилүү нерсени унутпаганбыз оң. Кыргызстанда бүт критикалык инфраструктуралык долбоорлор 100% мамлекеттин колунда болушу керек. Анткени, андай инфраструктуралык долбоорлор өлкөнүн жалпы коопсуздугуна тикелей тийешелүү. Мисалы, энергетика, суу жана башка. Биз дагы дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү эске алып, өзүбүздүн экономикалык моделибизге өтсөк жакшы болот эле. Ошондо гана көз карандылык жоюлуп, күчтүү өлкөгө айланып, Кытайга окшогон чоң державалар менен теңата сүйлөшүп калмакпыз. Өнүгүү жолубуз бар. Бирөөлөрдү туурай бербей, өзүбүздүн миң жылдык жашоо эрежелерибизге таянып иш алып барганыбыз туура. Кыргызда айтат эмеспи: “Өткөнүн билбеген, келечекке жол таппайт” деп. Жакшылыктарды унутпай, Кытайга окшогон кошуна өлкөлөр менен достукта болушубуз керек. Тилекке каршы, дүйнөдө стабилдүүлүк жок. Мындай көрүнүш дагы 20 жылга созулушу мүмкүн. Баарыбызга тынчтык жана бейпил жашоо каалайм.

Зайырбек Эргешов, серепчи:

-- Кытай биздин улуу кошунабыз. “Кошунаны адам өзү тандабайт, Кудай кошот” деп коёт кыргызда. Чынында Кытай менен алакабыз, байланышыбыз 2000-3000 жылдан бери бар. Тагыраагы, Улуу Жибек Жолунан бери эле мамиле түзүп келе жатабыз. Азыркы учурда дагы абдан тыгыз байланышта болушубуз керек. Кытай менен дос мамлекет катары ШОСто дагы мүчөбүз. Эң башкысы, алардын илимий, экономикалык жактан да өнүгүшүн өзүбүздүн мамлекетибиз үчүн пайдаланышыбыз керек. Себеби, Кытай Европа жана башка аймактар менен “Бир жол – бир алкак” деп байланыштарын күчөтүүдө. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулуп баштады. Буюрса, товар айлантуу дагы күчүнө кирип, мамлекетибизге чоң пайда алып келет. Ошондуктан биз Кытай менен ар тармактуу достукта, тең укуктуу карым-катнашта болушубуз керек. Кытай менен байланышты бекемдеп күчөтө бергенибиз мамлекет үчүн абдан пайдалуу.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер