Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин рейтингин түшүргөн Сатыбалдиев кызматынан кетпейби?

Бийликтин рейтингин түшүргөн Сатыбалдиев кызматынан кетпейби?

16-январь, 18:25
1 496 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүнү өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктагыча ишке ашырчу приоритеттүү багыттарынын бири катары эсептеп, жыл сайын аймактарды өнүктүрүүнү биринчи орунга коюп келүүдө. Жээнбековдун бул демилгеси “аймак өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт” деген ураан. Аныгында, аймак бекем болмоюнча кайдагы экономика, кайдагы стабилдүүлүк?

Тилекке каршы, президенттин бул алгылыктуу демилгесин, аруу максатын ишке ашыра турган кадрлар чабал, эл ичинде кадыр-баркка ээ эмес, “эптеп күн өтсө, кресломдо көп убакыт отурсам” дегендер болуп атканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Ошондой кадрлар элдин бийликке болгон ишенимин күн сайын азайтып, ажырымдын барган сайын чоңоюшуна себепкер болуп жатканын бийлик башчылары да моюнга алышы шарт. Өкмөт башчы чабалдыгын көрсөтпөй, чечкиндүү кадамдарга барып, облустагы өкүлдөрүнүн жасап жаткан иштерине терең анализ жасап, элдин үнүн угуп, колунан иш келбеген, иш эмес интригадан башы чыкпагандарын тазалабаса, элдин каары күн сайын күчөп отуруп, аягы жаман болушу мүмкүн. Ошондой кадрлардын бири өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевби?

Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абадга жаңыдан өкмөттүн өкүлү (губернатор) болуп барганда эле аны жакшы тааныгандар: “Жарытылуу иш кыла албаган адам килейген облусту башкара алмак беле? Кыянбектин кыйратып жасаган ишине караганда, бузукулук иштерди мыкты кылганын гана көргөнбүз” деген нааразы кептерди айтышканын маалымат каражаттары ошондо эле жазып чыгышпады беле? Сатыбалдиев иш кылгандын ордуна интрига менен алектенип, мамлекет башчынын саясатын туура жүргүзүүнүн ордуна, аны элге жек көрсөтүүгө аракет кылып жатканын кандай түшүнсөк болот?

Президент кызматына киришкенден бери Кыянбек Сатыбалдиев: “Жалал-Абадда кудалар кутуруп атат. Көп маселени ошолор чече баштады. Элдин кыжырына тийип атышат. Мен сунуш кылган адамдарды карап дагы коюшкан жок. Эртең президенттин башына кокус кыйынчылык түшкөндө, булар качып кетишет, Жалал-Абаддан караанын көрбөйт. Мына, биз, мен баштаган команда туруп беребиз...” деп айтканбы? Ошентип, ажону элге жаман көрсөтүүнү баштаганбы? Мындай ушак-айың кептерди азыркыга чейин айтып жүргөнү далилденеби?..

“Калк айтса калп айтпайт” дейт. Килейген облусту башкарган бийлик өкүлүнүн ушул кылыгы акылга сыябы? Дайыма жогорку жетекчиликти тымызын уят кылууга киришип, туугандары боюнча ушак таратып келгени ачыкталабы? Бул боюнча президенттик аппаратка да кайрылуу болгону айтылууда. Өкмөт башчы бир гана аткаруу бийлигин эмес, мамлекет башчысына сөз тийгизип жаткан Кыянбек Сатыбалдиевди эмне үчүн ээлеген кызматынан кыя чаап түшүрбөйт? 

Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү ураанынын астында жаңы идеялар, эл жапатырмак колдой турчу демилгелер Кыянбек тараптан көтөрүлдүбү? Тескерисинче, элдин социалдык абалы жакшыруунун ордуна, Кыянбектин облус жүгүн тарта албай, жаңы жумушчу орундары түзүлбөгөндүктөн четке мигрант болуп кетип жаткан улан-кыздардын саны өсүп жатканы калппы? Кыянбектин интрига жасаганга маш экени ушул фактор менен эле бүтүп калбайт. “Аймактарды өнүктүрөбүз! Элетте жашаган элдин социалдык абалы оңолушу керек!” деп аракет кылып жаткан Сооронбай Жээнбековдун багыты Кыянбекти кызыктарбайт өңдөнөт. 

Мамлекетибизге киреше алып келип жаткан, айрыкча өзү башкарып жаткан облустун экономикасынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон “Кыргызнефтегаз” ишканасынын ийгиликтерин колдогондун ордуна, Майлуу-Суу шаарындагы “Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧКсын каршы коюп, өз көлөкөсүн көшөгө артына жашырып, тымызын от жагып, болбогон жерден интрига чыгарууга кам көргөнү жетекчинин жасай турган ишиби? 

“Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧКсы өндүрүш үчүн жаратылыш газын “Кыргызнефтегаздан” келишимдин негизинде сатып алат. Кыш мезгили келгенде Кочкор-Ата шаары жана анын тегерегинде жайгашкан айылдарда жашаган элдин газ керектөөсү көбөйгөндүктөн, “Кыргызнефтегаз” “Майлуу-Суу лампа заводуна” жаратылыш газдын көлөмүн азайтууга туура келет. Бул тууралуу ишкана лампа заводго алдын ала маалымат берет. Өткөн жылдын декабрь айында лампа завод “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсы менен 1000 куб/м. жаратылыш газы үчүн 16469,22 сомго келишим түзөт. Ушундай эле көлөмдөгү көгүлтүр отту “Кыргызнефтегаздан” 6750,5 сомго сатып алышмак. Лампа завод “Газпром-Кыргызстандын” кымбат тарифине чыдай албай, экономика министри Муканбетовго, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы  Осмонбетовго жана өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Сатыбалдиевге 26.12.2019-жылы “Кыргызнефтегаз” өндүргөн газды карапайым адамдарга берүүнү токтотуп, бизге берсин” деген тариздеги кайрылуу жазышат. Сатыбалдиевдин колуна кат ошол күнү эле тийип, кайра ошол эле күнү “Кыргызнефтегазга” маселени чечип берип койгула” деп кайра келиши көп күмөндү жаратпай койбойт. “Кыргызнефтегаз” өндүргөн газды биринчи кезекте ошол аймакта жашаган карапайым калкка берүүдөн баш тарса, нак ошондо элдин арасында нааразычылык күч алып, адамдар көчөгө чыкмак. Интриганы уюштургандардын максаты ушул болчу да. Президент “элеттин жашоосун өзгөртөбүз” деп билек түрүнүп иштеп жатса, “Кыргызнефтегаздын” арзан баадагы жаратылыш газды биринчи кезекте элге бергени колдоого ала турган саамалык. Сатыбалдиев да ушул демилгени кубаттап, “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги кабыл алган чечимди колдоп, “биз биринчи кезекте өз элибизди арзан газ менен камсыздашыбыз керек, артканын жеке менчик компанияларга, заводдорго беребиз” десе куп жарашмак. Мындай кадам таштагандын ордуна тескери кетип жатпайбы. Ушул чечими менен эле мамлекеттик саясатка көңүл кош экенин билдирип койгондой болду. Суроо жаралат: Кыянбекке мамлекеттик саясат элдин абалына караганда жеке менчик ишкана тарапка бир жактуу ыктап, андан өз капчыгын кампайтуу жогору турабы?

2019-жылдын ноябрь айында Майлуу-Суу шаарынын тургундары аймакта нефть өндүргөн кытайлык компанияларга каршы митингге чыгышкан, “кытайлыктар көпүрөнү талкалап бүтмөй болду, жолубузду жок кылды, жол салып берсин” деген сыяктуу нааразычылыктар айтылган. Майлуу-Суу шаарынын мэри келип, топтолгон элди таратууга аракет жасап, абалды жөнгө салууга жан үрөп жатканда, анын телефону шыңгырап калат, алса, облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев “эмне болуп жатасыңар?” деп сурайт. Мэр элди таратууга аракет жасап жатканын айтса, Кыянбек: “Тим кой таратпай! Топтолгондор “Кыргызнефтегазга” каршы атака жасай беришсин...” деп айтканы ыраспы? Бул ишти эмне үчүн укук коргоо органдары иликтеп көрбөйт? Майлуу-Суу шаарынын мэринен сураштырса, ошол адам баарын айтып бермек да. Кыянбек Сатыбалдиевдин негизги милдети облустагы коомдук-саясый абалды сактоо болуп эсептелет. Мэрге “топтолгон элди таратпай эле кой, ызы-чуу кыла берсин” деп жатканы чын болсо, бул азамат өз милдети болгон коомдук-саясый абалды сактоонун ордуна, облуста ызы-чуу чыгаргысы келип жүрөбү? 

Өкмөт башчы өз өкүлүнүн кылык-жоругун иликтөө үчүн кызматтык териштирүүнү кечеңдетпей баштоого буйрук берип, аны ээлеген кызматынан бошотуп коюу менен эле чектелбестен, жоопкерчилигин карашы керек. Бүгүн мыйзам баарына бирдей экенин чиновниктер өздөрү элге үлгү катары көрсөтүүсү шарт болуп турат. Эгер Кыянбек Сатыбалдиев интригаларын улантып, Жалал-Абадды жетектеп отура берсе, элдеги жек көрүү ириң сыяктуу чогулат да, бир күнү жарылат. Ошондо өкмөт башчы Абылгазиевдин дагы колунан эч нерсе келбей, Кыянбек менен кошо өзү кызматы менен кош айтышуусуна туура келет. 

Жалал-Абад облусундагы абал ошондой көрүнүшкө алып бара жаткан чагы. Эртерээк ойлонуп, чечим чыгарыш гана керек. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер