Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаш өлүмдөр. Жан сыздаткан Айгүл гүлүнүн кошогу...

Жаш өлүмдөр. Жан сыздаткан Айгүл гүлүнүн кошогу...

11-май, 00:19
813 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей, Баткен үчүн ар бир кыргыздын жүрөгү сыздап, ыйлап турган кези. Баткенде өрт аралап жүрбөсө да, жандүйнөлөрү тынчтана албай, ар ким колунан келгенин жасоого жан үрөп, жаны тынчтык таппай турган учур. 

Замандашыбыз, сүрөтчү Татьяна Зеленская чек арадагы жаңжалды чагылдырган кызык иллюстрация жаратты. Өрт арасындагы көз жаштуу секелек кыз, жалынга чулганган Айгүл гүлү...

Көз ирмемде алаамат болуп, кечээ эле бажырайып ачылып турган Айгүл гүлү өрт арасында калды. Кан, өлүмдөргө аралашты. Көз жаштарды көрдү. Секелек кыздар, кырчындай жигиттер Айгүл гүлүнүн көз алдында жан берип жатышты. Айгүл гүлү төгүлгөн канды көрдү... 

Алар тирүү болчу. Кечээ эле арабызда жүрүшкөн. Чоң максаттары, ушунчалык жашагылары келген, жашоого болгон сүйүүлөрү бар эле го... Али жашай турган көп өмүрлөрү, али ата элек таңдары, жолуга элек сүйүүлөрү, эч кимге айтыла элек сырлары бар эле го... 

Тирүүлүктөгү бул бакыттын баарын ким жулуп кетти? Жансыз жаткан аларды көрүп, Айгүл гүлү боздоп жатты. Айгүл гүлү шамалга дирилдеп, жан сыздаткан кошок кошуп жатты. Байыркы энелердин муңун созгондой. “Көкөй кести” күүсүн чалгандай кошок жаңырды. 

Алар бүгүн кайда? Жаштайында жайраган алардын өлүмдөрү үчүн эми ким жооп берет? Жоопсуз суроолор...

Адамдардын бири-бирине кыянат жасаганына, кирдеген жүрөктөргө, кунарсыз жүздөргө, көрүп турган алааматка, каптаган кызыл жалынга туруштук бере албай, Айгүл гүлүнүн таажылары күбүлүп жатты. Таажылары чокко айланып өрттөнүп кетти...

Ыйык Баткен жери өрткө чулганып, ондогон кырчындай жигиттер окко учуп,   заматта элибизге мүшкүл түштү.

“Тебелетип душманга

Ыйык кыргыз жеримди,

Кор кылып карап жаткыча

Асыл кыргыз элимди,

Туулбай туна чөгөйүн

Тирүү жүрбөй өлөйүн!


Азап тарткан элимди,

Атадан калган жеримди

Ажыратып албасам

Ата-баба салты урсун,

Ок тиштешкен ант урсун!” деген Манас атабыздын ыйык анты ар бир кыргыз баласынын канында ойноп, кыргыз уулдары эмес кыздары да мекен үчүн өмүрлөрүн курмандыкка чалууга даяр тургандарын көрүп, жүрөк бир булкунуп, көздөн жаш сызылды. 

Ооба, таажылары күбүлгөн Айгүл гүлү кайрадан гүлүн ачат. Өрт каптаган жерлерге бажырайган гүлдөр кайрадан ачылат. Окко учкан эр жүрөк уул-кыздар кыргыз эли турганда, Манастын тукумдары турганда эч качан унутулбайт. Алар ар бир кыргыздын жүрөктөрүндө тирүү...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер