Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Нурдинов: “Азыр Максат ажы “погода” кыла турган акыбалда эмес”

Бакыт Нурдинов: “Азыр Максат ажы “погода” кыла турган акыбалда эмес”

29-июнь, 13:44
2 368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт мырза, муфтиятта шайлоо процесси кайсы чекке жетти?

-- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) кезектеги шайлоосу, мындайча айтканда, мусулмандардын курултайы ар кандай себептер менен үч жолу жылдырылды. Аны менен дин комиссиясынын жетекчиси да алмашылды. Экинчисинде, тагыраагы, май айында өтө турган сынакта биринчилерден болуп муфтийликке талапкерлер, анан борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлер сынак беришип, аалымдар кеңешине келгенде шайлоо жылдырылып калса, мында биринчи, тактап айтканда, аалымдар кеңешине 61 талапкерлер 21-июнда сынакты жалпы кагаз түрүндө беришсе, 22-июнда оозеки беришти. Ал эми 23-июнда борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 14 талапкер сынактан өттү. 24-июнда муфтийликке 9 талапкер сынактан өтөт. 25-июнда аалымдар кеңешинин талапкерлерди каттоо жана аттестация комиссиясы жыйынтыгын чыгарып, аалымдар кеңешине салат. Ошол эле күнү аалымдар кеңеши, азирети муфтийди, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын, аалымдар кеңешинин жаңы курамын (21 мүчөсүн) шайлап, курултайга жөнөтөт. 26-июнда мусулмандар курултайына ар кайсы аймактардан келген делегаттар бекитилет. Азыр ушул процесстер жүрүп жатат.

-- “Абал курчуп атат” дешүүдө...

-- Абал өтө деле курч эмес, кээ бир гана муфтийликке талапкерлердин адамдары башка талапкерлерге карата кара пиар жасап жатышат. Болгону ушу.

-- Саясый интригалар да күчөгөнүн угуп атабыз...

-- Мен аны туура эмес көрөм, анткени шариатта алардын жасаганы “фитна” болуп калат.

-- Максатбек ажы да өз командасы менен муфтиятта “погода” кылып атканы ыраспы?

-- Ага мындай жооп берет элем: ачык айтканда, Максатбек ажы азыр “погода” кыла турган акыбалда эмес. Аны түшүндүрүп кажети жок деп ойлойм. Кудай буюрса жыйынтыкты көрөлү, азирети муфтий ким болот? БТКнын төрагасы ким болот? Аалымдар кеңеши (21 мүчө) кандай жаңыланат? Илимдүү жаштар келеби? Регионалдык маселе каралабы?.. Ин шаа Аллах, көрөбүз!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер