Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейит Атамбаев ишканасынын документтерин неге жашырган?

Сейит Атамбаев ишканасынын документтерин неге жашырган?

01-ноябрь, 17:35
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бүгүн, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаевге 75 % үлүшү таандык “Автомаш-Энерго” ишканасынын документтери Биринчи Май райондук соттун чечими менен алынды.


Башкы прокуратуранын маалыматында бул фирманын жетекчилиги август айынан бери ар кандай шылтоо менен документтерди текшерүүгө жол бербей келген.

Учурда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу козголгон бир катар кылмыш иштери тергелип жатат. Мурунку президентке, анын жакындарына тиешелүү мүлк, активдер жана ишканалар да текшерилүүдө.

"2003-жылы "Кыргыз автомаш" ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү "Автомаш-Энерго" деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу Сейит Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда "Автомаш-Энерго" ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген",- деп маалымат таратты Башкы прокуратура.

Ошондон улам Биринчи Май райондук сотунун 21-октябрдагы токтомунун негизинде салык органдарынын талабы менен аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн.

Aryba.kg




 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер