Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек МАСАБИРОВ, ЖК депутаты: “Букмекерлер ачылып, казинолор азыр деле иштеп атышат”

Таалайбек МАСАБИРОВ, ЖК депутаты: “Букмекерлер ачылып, казинолор азыр деле иштеп атышат”

22-ноябрь, 10:11
365 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Таалайбк мырза, депутат Примов “казинолорду кайра ачалы, бюджетке акча түшөт” деп чыкты. Казинолордон казынага канча каражат түшөт? 

-- Казино – кумар оюну. 2011-жылы кумар оюндары катары казинолордун жабылышын талап кылынып, атайын мыйзам кабыл алынган. Анткени, кумардын залакасы бир нече үй-бүлөлөргө тийди, өмүрлөр кыйылды, кылмыштар көбөйүп кеткен. Иштеп турган кезде бул тармактан “жылына 500 млн. сомго чейин казынага каражат түшүп турган” деген маалыматтар бар. Казинолор жабылгандан кийин деле кумарканалар биротоло жоголду (!) дегенден алысмын. Букмекерлер ачылып, жашыруун иштеп жатышат азыр деле. Бир тобун укук коргоо органдары жапканга аракет кылды. А негизи мен казинолордун кайра ачылышына каршымын. Жабылышын колдогон депутаттардын тобунда болгом. “Казинолордон эсебинен бюджетти толтурабыз” дегендин өзү туура эмес. Башка тармактарды: туризмди өнүктүрсөк, кен байлыктарды иштетсек, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарсак ж.б. каражат булактары толтура. 

-- Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы ушул жумада чыгарын айтышкан эле. Анда кандай жаңы жагдайлар ачыкталышы мүмкүн? 

-- Кой-Таш окуясынан бери ИИМ, УКМК башчыларынын отставкасын талап кылгандар көбөйдү. Окуяны баштан-аяк калыс иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Дээрлик үч айга жакын иш алып барышты. “Жыйынтык чыкты, жакында парламентке алынып келет” деп жатышкан. Биз да күтүп жатабыз. Жыйынтыкка жараша укук коргоо органдарынын жетекчилерине, алардын ишине баа берилет. 

-- Кийинки шайлоого даярданып атасызбы?

-- Шайлоого эч шашкан жокмун. Убакыт бар го. Буюрса, жыл аяктай берсинчи, көрөбүз. Мен өзүм Базар-Коргондон шайланып келгем. Жыл сайын элиме барып, депутат катары, алардын өкүлү катары отчет берем. Кандай мыйзамдарга демилгечи болдум, социалдык кайсы маселерди көтөрдүм жана чечтим – баарын элге айтам. Эл ишиме баа берет.

-- “Тизмелер түзүлүп бүтүп калыптыр” дешет. Партиялардан чакыруулар, сунуштар болдубу? 

-- Мен азыр “Кыргызстан” фракциясынын депутатымын. Ушул партиянын катарында келгем. Азырынча депутаттык ишибизди али толук аягына чыгара элекпиз. Балким, соодалашып, тизмелерге кирип, “арыгын чаап” жүрүшкөндөр бардыр. Мага азырынча эч кандай сунуштар да, чакыруулар да боло элек. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер