Акыркы кабарлар
» Коом » Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Малга болгон салыктын айынан тополоң чыгып кетиши мүмкүн”
Султанбай Айжигитов, ЖК депутаты: “Малга болгон салыктын айынан тополоң чыгып кетиши мүмкүн”
30-май, 09:00

-- Султанбай Абдрашитович, малга салык киргизүү боюнча сунушка сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Мындай салыкты аябай ойлонуп, дифференциялдуу түрдө киргизбесе, дагы бир тополоң чыгышы мүмкүн. Себеби, биздин элдин тиричилиги көбүнчө жер, анан мал менен. Малы өтө көп байлар аз эле. Ошолорго киргизсе болот. Анда да кирешенин белгилүү бир чегинен баштап, акырындык менен киргизүү керек. Анүчүн малдын санын билүү зарыл, эсеп жакшы болушу кажет. А бизде эч кандай эсеп жок да. Ошол эсептин жоктугунан көп нааразычылыктар пайда болуп калышы ыктымал. Кайра эле байлар салыктан кутулуп, жардылар төлөп дегендей. Айтор, мага бул даярдыгы жок даярдалган мыйзамдай туюлуп жатат.
-- Мунун баары бюджетти толтуруунун жаңы булактарын издөө аракети эмеспи?
-- Ошондой эле болуп жатат. Айлыктарды көтөрдүк, бул туура. Көтөрүш керек, бирок башкача көтөрүш керек эле. Баягүнү сомдун киргизилишинин отуз жылдыгына байланыштуу эл аралык конференция өткөндө мен “биз отуз жылдан бери курстун тузагында турабыз” деп айттым. Мындайча айтканда, биз капканга түшүп калганбыз. Себеби, бизде 90 пайыз импорт, 10 эле пайыз өзүбүздүн продукция. Айлыкты көбөйтүп туруп кайра эле рынокко таштап коё турган болсок, 90 пайыз айлыгыбыз кайра эле импортко кетет. Ал долларга басым жасап, доллардын куну өсө баштайт. Доллар өскөндө сомдун наркы төмөндөп, баалар өсүп, инфляция башталат. Натыйжада кандайдыр бир мезгил өткөн соң инфляция жанагы көтөргөн айлыктарыбызды жеп салат. Мындайча айтканда, берекеси кетип калат. Ошондуктан, көбөйтүлгөн акчаны өзүбүздүн өндүрүшкө жумшоо зарыл. Ошондо инфляция ооздукталып, биз өнүгө баштайбыз. Бир учурда айлыктар, элдин кирешеси да көбөйөт, өзүбүздүн акча менен өндүрүштү да колдогон болобуз."Азия Ньюс" гезити