» Саясат » Асман шаарына инвесторду “белгисиз ишкер” Төлөнбай Нурбаев табабы?
Асман шаарына инвесторду “белгисиз ишкер” Төлөнбай Нурбаев табабы?
29-июнь, 21:00
909 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Соңку убакта кызык эле нерселер болууда. Дүңгүрөгөн долбоорлор башталып эле атат. А жыйынтыгын качан көрөбүз? Дагы кичине чыдай туралы. Сабырдуубуз да. Дегенибиз, Асман шаары курулары бир топ убакыттан бери айтылып, “ана-мына башталат” таризинде айгай салышып, удургуп эле жатышкан чактары. Өмүр баяны кашкайган, артында чоң из салган инвестор көрүбөй эле, көмүскөдөн дүңүрөңдөп жатышкандай. Депутаттар арасында Асман шаарына демөөрчүнү Төлөнбай Нурбаев аттуу “белгисиз ишкер” таба турганы айтылып, бул жагы икая сыңарындай тамашага алынууда. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынан депутаттыкка аттанганы менен аты угулган. Агезде Асылбек Жээнбековдун тилин таап, ишенимине кирип, Кара-Суу районунан Райымбек Матраимовго каршылык көрсөтүүгө бел байлап, бирок максатына жеткен эмес. Ошол шайлоодо бул жигитти меценат, өндүрүшчү катары жазып чыгышкан. А иш жүзүндө дүңгүрөгөн бизнесин, элди баккан дараметин көрө албадык. Убагында Асылбек Жээнбековдун тарапташы болсо, учурда айрым төбөлдөрдүн атын жамынып жүрөбү? Кызыгы, Асман шаарынын курулушун ушундай арты күңүрт Төлөнбай Нурбаев тейлесе, андан аркысына кандай ой айтасыңар?