Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: «Экономиканы сактап калууга 500 миллион доллар сарпталат»

Акылбек Жапаров: «Экономиканы сактап калууга 500 миллион доллар сарпталат»

07-август, 15:25
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экономика дээрлик токтоп калды, кырдаалдан чыгуу жолдору барбы? 

-- Кыргызстандын учурдагы экономикасын реанимация акыбалына салыштырсак болот, бирок, кайра жандандыруу амалдары жасалбаса, соода-сатык таптакыр кыйрап, жумушсуздук күчөп, банкротко кептелгендердин саны арбып, социалдык-экономикалык селге, жер титирөөлөргө алып келиши мүмкүн. Кырдаалдан чыгуу үчүн эмне зарыл? Коронавируска каршы колдонулган, канды суюлтуучу гепарин, клексан сыяктуу дарыларды пайдалангандай эле, азыр экономикага акча салыш керек. 

-- Каражатты алуу булактары каяктан болот? 

-- Экономиканы жандантуу үчүн сырттан келген жардамдын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда, 150-200 млн. долларын, сырткы карызды реструктуризациялодон пайда болгон 100 млн. долларды буруш керек. Улуттук банк эл аралык резервдерден баалуу кагаз аркылуу 200 млн. доллар ала алат. Ошентип, жалпы жонунан быйыл экономикага жок дегенде 500 млн. АКШ долларын салыш керек. Мындан тышкары, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунда жаткан 260 млн. долларды Кыргызстанга алып келип, бизнеске 3% үстөк менен беш жылдан кем эмес убакытка берүү зарыл. Буга кошумча, Евразия өнүктүрүү банкынан дагы 500 млн. доллар карыз алып, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу бизнеске салса болот. Акча табуунун жолдору бар, мен муну ар дайым айтып келем. Тилекке каршы, берген сунуштарым көңүл сыртында калып жатат. Өлкөдө эки жүз жыйырма миң кедей үй-бүлө бар, пандемиянын мизи сууганча банктык карталар аркылуу алардын тамак-ашына, дары-дармегине куру дегенде 5000 сомдон таратып туруш керек. Бирок, өкмөт ар дайым кечигип, кыйын абалга алып баратат. Коронавирус менен күрөшүүдөгү баардык жоопкерчиликти президент өз мойнуна алды, экономиканы куткарууну да мамлекет башчы жеке көзөмөлдөшү керек да…


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер