Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачууну жактады
Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачууну жактады
29-март, 12:07

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди. Ал 29-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мамлекеттик казынаны толтуруу максатында сунушталып жатканын айтты.
“Биз жакшы жагын карап жатабыз. Ошол эле Арменияга, Казакстанга жана бизге Россиядан ITишниктер келип иштейбиз деп жатат. Аларга виза берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүп, фирмасын үч саатын ичинде ачкандай шарт түзүп, ушундай тармактардын баарын карап келатабыз. Бүгүнкү күндө Ош шаарына келген конокторго биздин меймандос экенибиз аябай жагып жатыптыр. Биз алардын баарына шарт түзүп беребиз. Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо, ошол кумаркананын лицензиясы алынат. Малайзияда дагы кумаркана бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет. 2001-жылы кумарканалардан 630 миллион сом түшкөн, бул жолу мындан эки-үч эсе каражат көп түшөт деп жатабыз” деди Жапаров.