Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

15-октябрь, 08:00
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

“Жаңыл Мырза”

Тоголок Молдонун “Жаңыл Мырза” поэмасында сүрөттөлгөн жоокердин элеси элдин эсинде сакталуу. Жаңыл мындайча сүрөттөлөт: «Ийилчээк жиптей жаасы менен жаа салгычын көтөргөн бул аял баатыр. Баш ийбеген, эр жүрөк, күчтүү». «Согуштан да коркпогон, жолборстой күчтүү болгон».

Жаңылдын Арсланбобдо эркектер өлтүрө албаган жолборско болгон аңчылыгы боюнча кызыктуу эпизоду бар. Ал ууга бир эле аркан менен чыгып, жолборсту муунтуп өлтүргөн.

Учурда биздин кыз-келиндерибиз мындай эрдиктерди жасашпайт, бирок алардын улуттук оюндарга катышуусу ар дайым суктанууну жаратат.

Стратегиялык ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүүчү интеллектуалдык оюндар да бар. Мындай оюндарга ордо, тагыраагы, "хандын ордосу" кирет. Оюн жоокерлерге душманды жеңүүнү үйрөтүүчү кандайдыр бир аскердик картанын бир түрү болгон. Жерге чийилген тегерек мамлекеттин аймагын билдирген, ал эми атаандаштар согуштун планын иштеп чыгышкан сыяктуу. Ханды уруп чыгаруу башкаруучуну тактыдан кулатууну билдирген. Жерге чийилген чоң тегерек хандыктын чеги болсо, ортодогу чоң сөөк (томпой) ханды туюндурат.


Алты бакан селкинчек

Байыркы оюн-зоокторго алты бакан селкинчек да кирет. Бул жаштар арасындагы популярдуу оюндардын бири. Кыз менен жигит жуп-жуп болуп селкинчек тебишет. Калган жаштар эки командага бөлүнүшүп, ыр сынактарын уюштурушуп, чогулган чөйрөнү шаңга бөлөшөт.


Музыка кыргыздын канында бар, ал эми жандүйнөсү – комуз

Кыргыздар абдан музыкага жакын эл. Баардык майрамдар жана иш-чаралар улуттук ырларды аткаруу менен бирге музыкалык аспаптарда кол ойнотуу иретинде коштолот. Эң негизги жана сүйүктүү музыкалык аспап – бул комуз.

“Чертмектин үнүн уккан булбул аспаптын доошуна куштар болуп калган деген уламыш бар. Ал комузчу менен достошуп, андагы музаны үйрөтүүнү суранат. Ошондон улам бул аспапка булбул да суктанып, керемет обонду үйрөнгөн” деген кептер айтылып калган. 


Комуз тууралуу уламыштар

Комуздун мааниси тууралуу дагы бир уламышта төмөнкүчө айтылат: «Байыркы заманда кыргыздын бир уруусу душмандардын чабуулуна кабылып, жеңилип калат. Колго түшкөндөрдү кулчулукка алып кетишет. Жеңген тараптын ханы: “Мен кыргыздарды басып алдым, бирок баарын жок кыла алган жокмун. Убакыт өтүп, калган уруулаштары биригишип, менден өч алышат деп ойлонот. 

Туткундардын арасынан жүз кыргыз баланы тандап алып, аларды башкалардан бөлүп, өзүнчө тарбиялап баштайт. Алар ханынын буйругун гана аткарган, каардуу, жеңилбес жоокер болуп чоңоюшат. Күндөрдүн биринде хан кыргыздардын кайрадан бириккенин, мамлекет түзө баштаганын угуп, уйкусу качатАл баягы жүз атчан аскерин алдыга карай жол баштатып, жортуулга чыгат. 

Каршылаштардын басып алуу аракетин уккан соң, кыргыздардын башчысы кеңешме курат. «Душмандарды кантип токтотобуз?» деп ойго батышып, аксакалдар менен акылдашып, санаалары санга бөлүнөт. Ошондо даанышмандардын бири айтат. «Эгерде ал аскерлерди башкарган жүз атчан чындап эле кыргыз урууларынан болсо, алардын канында улуттун руху өлгөн жок. Алардын жүрөктөрүн, жандүйнөлөрүн, кызыган кандарын комуздун күүсү аркылуу ойготобуз...” дейт.

Чогулган аксакалдар акылмандын кеңешин туура катары табышып, душмандарга комузчуну жөнөтүшөт. Ал жүз жоокер күтүрөп келе жаткан капчыгайды тандап, чоң таштын үстүнө отуруп алып, комузун черте баштайт. Аскерлер комуздун күүсүн тыңдай башташат. Комузчу болсо муңдуу күүлөрдү үзгүлтүксүз биринин артынан бирин черте берет.

Сыйкырдуу күүлөр жигиттерди ойго салып, жандүйнөлөрүн козгоп, алардын эс-тутумун ойготот. Баатырлар бул обондорду качандыр бир кезде уккандарын эстешип, туулуп-өскөн жерлерин, жакындарын эскеришет. Жигиттер комузчудан “Бул эмне деген керемет аспап? Кайсы элге таандык?» деп сурашат. Ал болсо: “Үч кылдуу аспап кыргыз элине таандык, силер дагы ушул элдин кулунусуңар. Биздин элге душмандар кол салып, кичинекей кезиңерде туткундалып кеткенсиңер, силерди элиңерге каршы тарбиялап чоңойтушту» деп жооп берет.

Бул окуяны уккан жүз жигит эли менен таанышууну суранышат. Ошентип, комуздун күүсүнүн жардамы менен жоокерлер өз тукумуна байырлашып, эли менен биригишип, ата-журтун душмандардан коргой башташкан тура».

Кыргыз элинин музыкага жакындыгы улуттук искусствонун кайсы жанрдагы аткаруусу болбосун эбегейсиз темпераменти жана ийилчээктигинен көрүнүп турат. Демек, бул «музыка биздин каныбызда» деп айтууга негиз берет.

Манасчылардын Манас айткандарын карап көрсөңүздөр деле андагы дененин, колдун кыймылдары жана ички дооштун элементтери менен байланышкан бийдин кыймылдарын эске салат. 

Бул комузда кол ойноткон виртуоздорго да тиешелүү, өзгөчө комузчулар ансамбли «Маш ботой» күүсүн аткарганда байкалат. Мен муну «Көчмөндөрдүн гимни» деп эсептейм. Байкашымча, «Маш ботой» күүсүндөгү музыканын ыргагы жана аны аткарган артисттердин чеберчилиги чет элдиктерге да абдан жагат.


“Кара жорго” бийи

Акыркы жылдары «Кара жорго» жалын бийи популярдуу болууда, аны айрыкча жаштар жактырышат. Бул өнөр Кытай тараптан келгени менен алар бийдин түпкүлүгүн, ошол жакта жашаган кыргыздарга таандык экенин аңдашып, артыкчылык беришет. “Кара жоргону” кээ бирлер ийин менен гана бийлесе, кыргыздардын «кара жоргосунда» буту, таманы, колу, моюну жана бүт денеси кыймылга келет... 

Бий чет өлкөдө да популярдуу. Ал ковбойлордун родеосун элестеткени менен көпчүлүккө жакын. Ат же бука минген мелдештердеги чабандестердин кыймылдары окшошуп кетет. 


Кыргыз элинин каада-салттары

Кыргыз эли ата-бабалардан калган каада-салт, үрп-адаттарды сактап, аларды кылдаттык менен колдонуп келет. Эң сонун салттардын бири – бул меймандостук. Байыртадан кыргыз жерин, боз үйүн, кең жайлоосун аралап өткөн ар бир адам кыргыздын дасторконунан даам татып, үйүндө мейман катары сый көрүп, түнөмөйүн кеткен эмес. Элибизде «Коноктуу үйдө кут бар»«Конок – үйдүн берекеси» деп айтылат.


Меймандостук

Биздин салт боюнча кайсы убакта болбосун конокторду тосуп алууга даяр болуп, үйдө алар үчүн ар дайым тамак-аш жана белектер болушу керек. Жада калса бейтааныш адамдарды да жылуу тосуп, аларга тамак берип, түнөп алууну сунушташат. Эгер алар шашып жатса дагы үй ээси аларга даам ооз тийгизет, бул жөн эле нан болушу мүмкүн, конок андан ооз тийиши милдеттүү. Бул жазылбаган элдик эреже баардык аймактарда сакталып келген.

Үйгө же боз үйгө кирген адам ар дайым сыйлуу төргө отургузулуп, ал үчүн дасторкон жайылат. Дасторкондо сөзсүз бешбармак же куурдак, борсок, сары май, чай, таттуулар, жайкысын кымыз да болот.


Кыргыз ашканасы

Бешбармак – кыргыз элинин негизги тамагы. Тамактын аталышы аны кол менен жегенден улам келип чыккан деген версия кеңири тараган. Чынында кыргыздар үчүн бешбармак тамак катары эле эмес, кеңири маанилүү маанини камтыйт – бул мал союудан тартып, көптөгөн даамдар менен конокторду узатууга чейинки бүтүндөй бир ырым-жырым.

Фергана өрөөнүндө бешбармактан тышкары конокторго берилүүчү негизги тамак – палоо, нан, самсы, манты, чай жана таттуулар. Айрыкча тандырга бышкан нан менен самсы абдан популярдуу.

Бешбармак сыяктуу палоого тиешелүү да өзүнүн салттары бар. 80-жылдардын аягында Фрунзеден Ош шаарына көчүп барып, иштеп, жашап калдым. Алгачкы коноктоолордун биринде ортого коюлган палоодон өзүнчө тарелкага сала баштадым. Досторумдун бири жылмайып: «Түштүктө салт боюнча палоону баары бир табактан жешет, бул жамааттын биримдигинин, достуктун жана бири-бирине болгон ишенимдин белгиси. Мында палоо даамдуу жана ысык болот. Ошол эле маалда ким канча палоо жегенин эч ким санабайт» деп тамаша-чыны аралаш түшүндүрдү.


Балдарды тарбиялоо

Кыргыз элинин дагы бир эң сонун салттарынын бири бул – балдарына татыктуу тарбия берүү. Санжыраны, үрп-адаттарды билүү, улууларды сыйлоо жана бала кезинен эмгекке үйрөтүү аркылуу аларды өз алдынча жашоого даярдоо.

Кыргыздар пикир алышууда жөнөкөй жана эркин келишет. Көптөр муну бейкапар, ишенчээк катары кабыл алышат, бирок бул андай эмес. Биз болгону адамдарга берилүү иретинде мамиле кылабыз, а түпкүрдө кыраакылык да бар, мунун өзү кылымдар бою келе жаткан айкөлдүк да...  



(Уландысы кийинки санда)  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер