Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемия маалында психиканы кантип сактоо керек?

Пандемия маалында психиканы кантип сактоо керек?

18-март, 20:13
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустан улам дүйнөдө белгисиздик өкүм сүрүүдө. Жаңылыктарда мунун аягы жок сыяктуу эле айтылып жатат. Мындай кырдаал кишилердин психикалык абалына таасир этпей койбойт. Өзгөчө психикасы бузулган кишилер үчүн оңой эмес.


Өзүңдүн психикаңды кантип сактап калууга болот?

“Тынчсыздануу – адам эртең эмне күтүп турганын билбей, келечегинен санаа тартып, мына-мына бирдеме болуп кетчүдөй абал. Коронавирус боюнча кырдаал мына ушундай абалды жаратат” дейт Mind кайрымдуулук уюмунун өкүлү Роузи Уитерли.

Эксперттердин айтымында, психикасы жабыркаган кишилерге ушул күндөрдө кошумча жардам керек болот. Бирок, алар өздөрүнүн абалына кам көрүү үчүн колдон келгенин жасашы керек. Жаңылыктарды аз окуп, керектүү маалымат булагын гана тандап алыңыз. Эс алып жана кабатыр ойлордон арылууга аракет кылыңыз.


Интернети жок убакыт өткөрүү өтө маанилүү

24 жаштагы Алисон Манчестер аймагынан. Ал өзүнүн саламаттыгына кабатыр болуп, коронавирус тууралуу көп маалыматты билген туура деп эсептейт. Ошондуктан ал убактысынын көбүн интернетке коротот. Бирок, интернет дүрбөлөң түшүргөн абалды жаратып коюшу мүмкүн экенин жакшы түшүнөт.

“Бир ай мурун хэштег аркылуу кирип, маалыматтарды издеп жүрдүм. Көрсө, коомдук сайттарда таштанды материалдар өтө эле көп экен. Аныгын билгенге чейин абдан тынчсызданып, ыйлап да жүрдүм” дейт Алисон. Ал эми азыр ал кайсы булактан маалымат алыш керек экенин жакшы өздөштүрүп алган.  


Баарлашуу

Өзүн изоляцияда кармаган кишилердин саны өсө бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай абалга туш болсоңуз, сизге жакын кишилердин телефону же электрондук даректери аркылуу байланышып, баарлашып туруңуз. “Убактысын келишип алып, күн сайын бири-бириңердин абалыңарды сурап тургула. Айланаңыздагылар менен дайыма байланышта болуңуз" деп кеңеш берди Роузи Уитерли.


Нервди аяңыз

Пандемия канчага уланарын эч ким билбейт. Кандай болгондо дагы күндүн нурун көбүрөөк алыңыз деп кеңеш берет адистер. Спорт менен алектенип, жакшы тамактанып, сууну жетиштүү ичүү керек. Сизди бушайман кылган ойлор убактылуу экенин унутпаңыз. Кырдаалды баалооңуз дагы субъективдүү болорун эстеп туруңуз. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер