Күйөөмдүн мени сүйбөстүгүн акыры түшүндүм...


Күйөөмдүн Инстаграм баракчасынан мурдагы сүйүктүүсүн байкап калдым. Ал кыз чыны менен сулуу экен, ага эч кандай нааразычылыгым жок. Өзүнүн үй-бүлөсү бар, бактылуу жашап жатат. Көрсө, ал кыз экөө эки жылдан ашык сүйлөшүп жүрүшүптүр. Бирок күйөөм сунуш кылбай, «эртең» деп жүрүп, акыры кыз андан кол үзүп, бир жыл өтпөй эле күйөөгө тийип кетиптир. Мен кийин билдим, кайын журтума баары кабардар тура. «Кетип калганда аябай жаман болгон» дешти. Демек, ошол кыз анын жүрөгүндө арман болуп калгандай…
Жакында бир тойго бардык. Күтпөгөн жерден ошол кыз да келди. Күйөөсү жанынан чыкпайт экен. Байкашымча, чыныгы бактылуу түгөйлөр окшойт. Ал эми менин күйөөм жалдырап карап отурду. Уялганымды айтпай эле коёюн. Сезимдерин байкап, аябай жаман болдум. Эң кызыгы, экөөбүздүн ысымыбыз окшош, боюбуз тең, келбеттерибиз да түспөлдөш. Мени ага окшоштуруп эле алып алган окшойт. Кыскасы, күйөөмдүн мени сүйбөстүгүн түшүндүм...
Диана
"Азия Ньюс" гезити











