Акыркы кабарлар
» Саясат » Зеленский алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү болорун айтты
Зеленский алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү болорун айтты
28-февраль, 16:37


Украина президенти Владимир Зеленский Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшүп жатып, алдыдагы 24 саат Украина үчүн чечүүчү сутка болорун айтты.
Даунинг-стриттин маалыматына ылайык, Борис Жонсон Украинанын коргонуусу үчүн колунан келген жардамын сунарын билдирген. Ошондой эле Украина элинин баатырлыгын жана Зеленскийдин аракеттерин жогору баалаган.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, төрт күн ичинде Россия армиясы 4500 адамын жоготкон. Бирок мунун арасында канчасы аскер жана канчасы карапайым калк экени тууралуу так маалымат жок.
Ал эми Беларусь учурда эки тарапты тынчтык сүйлөшүүсүнө көндүрүү аракетинде. Буга чейин россиялык делегация сүйлөшүүлөр үчүн Гомель шаарына келгени айтылган. Ал эми украин тарап Беларустан сырткары жерде сүйлөшүү талабын койгон. Кийинчерээк Владимир Зеленский Александр Лукашенко менен телефондо сүйлөшкөн. Андан соң Беларусь тарап Россиядан келген делегацияны дагы бир канча убакыт күтүп турууга көндүргөн.









