Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттады(таблица)

Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттады(таблица)

23-ноябрь, 12:24
946 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күн салкындап, кыш жакындаган сайын Кыргызстанда күйүүчү отундардын наркы да көтөрүлө баштады. 

КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн) орточо керектөө бааларына талдоо жүргүзүлдү.

Алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасын карап чыгышкан. 

Ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүрдүн орточо чекене баалары октябрь айындагы баага салыштырмалуу тоннасы 140,16 сомго, же 3,1 пайызга жогорулады, ал аба ырайынын бузулушуна жана калктын суроо-талабынын өсүшүнө жараша болду.

2019 жылдын 21-ноябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо баасы  Кара –Суу шаарында (бир тонна — 8 485,28 сом), Ноокат шаарында (бир тонна — 7 343,00 сом) жана Баткен шаарында (бир тонна – 7 285,79 сом) болду. Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом), Балыкчыда (бир тонна – 3 694,59 сом) жана Нарында ( бир тонна  – 3 741,66 сом) болгону байкалды.

Ноябрь айынын акыркы үчжумасынын ичинде көмүрдүн  басымдуу түрдө  Токтогулда – тоннасы  921,05 сомго, же 20,5 пайызга, Таласта —   925,78 сомго, же 19,8 пайызга жана  Покровка айылында –  500 сомго же 12,5 пайызга кымбаттады. Ушул эле учурда айрым калк жашоочу пункттарда: Баткен шаарында бир тонна — 714,21 сомго же 8,9 пайызга  жана  Кара-Балта шаарында – 50,32 сомго же 1,3 пайызга баалардын төмөндөгөнү байкалды.

Жүргүзүлгөн талдоого жараша көмүрдүн өсүү  баасы улаанууда.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү бааларын төмөнкү таблицадан караңыз:


2019 ж. Октябрь

Ноябрь

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

  Кыргыз Республикасы

4524,52

4 664,68

140,16

  Каракол ш.

5 556,98

5 556,98

0,00

  Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

  Кербен ш.

4 249,71

4 647,58

397,87

  Токтогул ш.

4 500,00

5 421,05

921,05

  Жалал- Абад ш.

5 091,64

5 484,81

393,17

  Чаек айылы

2 500,00

2 500,00

0,00

  Нарын ш.

3 646,92

3 741,66

94,74

  Исфана ш.

6 113,51

6 587,87

474,36

  Баткен ш.

8 000,00

7 285,79

-714,21

  Кара-Суу ш.

8 124,04

8 485,28

361,24

  Ноокат ш.

7 343,00

  Өзгөн ш.

4 538,76

5 013,30

474,54

  Покровка айылы

4 000,00

4 500,00

500,00

  Талас ш.

4 673,33

5 599,11

925,78

  Кара-Балта ш.

3 900,00

3 849,68

-50,32

  Токмок ш.

3 749,67

4 055,27

305,60

  Бишкек ш.

4 022,07

4 166,03

143,96

  Ош ш.

5 899,43

5 933,15

33,72


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер