Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курманбек Бакиевдин небереси Руслан Минскиде чоң компанияны жетектейт

Курманбек Бакиевдин небереси Руслан Минскиде чоң компанияны жетектейт

28-ноябрь, 09:26
563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиевдин небереси, Марат Бакиевдин уулу Руслан фамилиясын Петров деп өзгөртүп, Беларусияда ишкерлик менен алектенип жүрөт. Бул тууралуу Naviny.by сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, 25 жаштагы Руслан Петровдун Минск шаарындагы Centropol комплексинин курулушуна катышып жаткан компаниялардын биринде үлүшү бар. Бул долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 80 миллион долларга бааланууда.

Naviny.by сайтынын журналисттери комплексте курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Гермес Констракшн» компаниясы менен акцияларынын 75 пайызы Руслан Петровго таандык Forpaton Resource LP компаниясынын байланышын аныктап чыгышкан.

«Руслан Петров – Курманбек Бакиевдин небереси деп болжолдоого болот. Анткени мурдагы кыргыз президентинин үй-бүлөлүк сүрөтүндөгү адам Руслан Петровдун «Фейсбуктагы», Linkedin сайтындагы жана ал билим алган Беларус мамлекеттик университетинин сайтындагы сүрөттөрүнө окшош, — деп жазды басылма.

Naviny.by Беларустун юридикалык жактары менен жеке ишкерлеринин бирдиктүү реестериндеги маалыматтарга таянып, Руслан Петров быйыл мартта каттоодон өткөн «Белхантер-Инвест» ЖЧКсынын түзүүчүлөрүнүн бири экенин жазды. Ал өзүнүн жана ижарага алынган кыймылсыз мүлктөрдү кайрадан ижарага берүү менен алектенет.

Басылманын журналисттери Руслан Петров менен байланышууга аракет кылышкан, бирок ал кол алдындагы кызматкерлер аркылуу Centropol комплексинин курулушуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Басылманын маалыматына караганда, бул долбоор менен анын атасы Марат Бакиев алектенет.


Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер