Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Англияда жети 5G мунараларын өрттөп салышты
Англияда жети 5G мунараларын өрттөп салышты
07-апрель, 18:22

Улуу Британиянын ар кайсы облустарында 5G тармагынын жалпы 7 мунарасы өрттөнгөн. Жашоочулар "5G тутумун пайдалануу ден соолукка зыян, ал иммунитетти алсыздандырып, коронавирустун жугушуна шарт түзөт", - деп тараган кепке ишенип алышкан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.
Жашоочулар мунараларды өткөн аптадан баштап өрттөй башташкан. Бул учурлар видеого тартылып калган. Анда иштеп жаткан кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаралганы жазылат маалыматта.