Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асан Жакшылыков: “Ала жипти” аттабасаң эркек боло албайсың...”

Асан Жакшылыков: “Ала жипти” аттабасаң эркек боло албайсың...”

06-ноябрь, 21:58
1 526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков агабыз менен жай турмуш тууралуу сүйлөштүк. Эмне үчүн кой сойбой калганын, кантип “ала жипти” аттаганын жана кандай учурда аттай турганын айта отурду.

-- Асан ага, сиздин үйдө ким кожоюн?

-- Мен, только өзүм кожоюн. Аны эч кимге бербейм, бере турган шартым да жок.

-- Акчанын айынан талашып-тартышасыздарбы?

-- Биздин үйдө ал маселе боюнча талаш-тартыш болгон эмес. Бир айдын ичинде эмне маселебиз манилүү экенин кеңешебиз. Ошонун ылайыгына карап оокат кыла беребиз. 

-- Мурунку байбичеңиз менен кандайча таанышкансыз?

-- Бала кезден баш кошкон байбичем менен мектептен таанышып, сүйүп, баш кошконбуз. А киши 2007-жылы каза болгон. 4-5 жыл бойдок жүрдүм. Нике кайып да. Өзүнүн сааты чыкмайынча канчалык тандасаң дагы болбойт. Аруу сезим улуу-кичүүгө карабайт. Жылдызыңа туура келген адамга туш келесиң. Азыр өзүмөн 15 жаш кичүү адам менен жашап жатам.

-- Эркелейби?

-- Аялзаты эркелегенге милдеттүү да, бир жагынан сүйүүгө тойбойт. Сезимдин символу катары ар бир аял гүлдөгүсү эле келип турат. Экинчи жагынан бактылуу болгусу келет. Ага шарт түзүп, ошол эле учурда касиетиңди бастырып ийбешиң керек. Эки адамдын ортосунда барабарчылык, теңчилик өкүм сүргөнү оң. Эгерде аялдын каалаганын аткара берсең, анда тез аранын ичинде жок болуп кетесиң. Себеби, эркекке карата сезимтал келет. Аял – алуучу, эркек – берүүчү күч. Биз, эркектер сырткары нерсени көп ойлойбуз. Ал эми аялдар болсо үйдүн ичиндегиге бушайман боло беришет. 

-- Мектепте окуп жүргөн кезде атаманчылык деген бар беле?

-- Бар болчу. Мен мушташ, тентектигим менен үстөмдүктөн алыс болуп, агездеги пионерлер дружиналык кеңешин башкарчумун. Ошондо мен деле пионерлерге “атаман” болгом. 

-- Мушташтыңыз беле?

-- Кыз талашып каршылашканбыз. Сөзсүз кыздардын сезимин эске алып, маселени муштуму жок чечкенге аракет кылар элек. 

-- Өз алдыңызча там салгансызбы?

-- Жакшы-жакшы усталарды алып, аларга кара жумушчу болуп иштегенди жактырам. Сокмонун топурагын камдап, кыш ташып, цементин аралыштырып бергенге машмын.

-- Кой сойгонсузбу?

-- Бала кезде далай жолу сойдум. Кийин ишенимиме туура келген жок. Бирөөнүн жанын алганга калыптанып калган жандүйнөм жол бербеди. 

-- Сулуу кыз көрсөңүз артынан мага окшоп ээрчип кетпейсизби?

-- Кумар менен сулуулукту ар бир эркек кадам сайын издеп туруш керек. Кумар бар жерде сулуулук бар. Ал эми сулуулук бар жерде турмуштун бир керемети болот. Чыгармачыл адам катары ар бир жерден сулуулукту көрүп турам. А сулуу кыздарды көргөндө, мен эле эмес, баардык энергиялуу эркектер армиясы кумарланат, суктанат, терең ойго батат, таттуу кыялга чөмүлөт.

-- “Ала жипти” аттагансызбы?

-- “Ала жипти” аттабасаң эркек боло албайсың. Эгер ыгы болуп калса, наздуу аялзаты сүйүп турса, жылдызы жанып турса, көңүлүн калтырган болбойт да! Муну чоң күнөө катары ойлойм, балким мен жаңылып атам... 

-- Кийинки жеңемди дайым эркелетип келесиз. А мурунку жеңеме кол көтөргөн учур болгонбу?

-- Көңүлүн калтырган эмесмин. Көгала кылып да урган эмесмин. Ачуум келген кезде какыс-кукус кылып, “жап оозду!” деген учур болгон, бул керек нерсе. 

-- Үйдө тамак жасайсызбы?

-- Студент кезде Москва шаарында эки жыл болдум. Өзүм эле ар түрдүү тамактарды жасап, мени менен кошо жашагандарды багып жүрдүм. Азыр ашканага жолобойм. Аялдар бар жерде кожойкенин ордун талашкан болбойт.

-- Спорттун кайсы түрү менен машыккансыз?

-- Чуркоо менен. Аз жерден Кыргызстандын жөө күлүгү атка конуп кала жаздагам. 1-разрядмын. Азыр деле тушоо кескен жерде байгелери чоң болсо чуркап коём.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер