Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов иштей албай атат

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов иштей албай атат

12-июль, 21:17
2 354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовдун жарытылуу ишин байкай элекпиз. Былтыртан берки пандемияга байланыштуу бул тармак ансыз да кризиске кабылып калган чакта, акыбал өтө оор экенин айтпасак да түшүнүктүү. Мындай шартта министр көрүнүктүү кандай аракетте, демилгеси барбы? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Болотбек Купешов иштеп аткандай түр көрсөтүп, жөн эле убакытты текке кетирип атканын, натыйжалуу реформа баштаганга шаасы жетпегенин билдирүүдө. “Эки чылбыр бир тизгинди” алганда эле атка кандай отурганы байкалат эмеспи. “Каарманыбыз” ээрге кыйшык конуп, буга чейин талкаланып келген билим берүү системасын ого бетер жерге тебелеп, басып кете турган караанга айланабы? Айтмакчы, илгери мектептин директору, аким, губернатордун орун басары кызматтарын аркалаган чиновник көп жылдар бою жумушсуз жүрүп, көз карашы, жаратмандык дарамети солгундап калганы, эч кандай маселени чече албасы алдыртан бааланууда. “Аңгектен качсак дөңгөккө” дегендей, мурдагы министрди сындап атып, эми андан төмөн деңгээлдеги көрүнүшкө кабылганыбыз – жалпы элибиздин шорубу? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер