Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токаев менен Назарбаев "жарашып" алыштыбы?

Токаев менен Назарбаев "жарашып" алыштыбы?

19-январь, 18:09
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Eurasia Today Каныбек Осмоналиевдин Назарбаев тууралуу пикирин жарыялады.

Нурсултан Назарбаевдин 16 күн бекинип жатып, эми эл тынчый түшкөндө чыгып алып элге кайрылуусу асмандагы учуп бара жаткан таранчыны замбирек менен аткандай эле болду. Азыр Казакстандагы саясый абалдын чыныгы ээси казак эли болуп турат. Токаев менен Назарбаев кайрадан "жарашып" алышкан турбайбы? Жакшы болуптур. Элге зыяндары тийбесе болду. Бирок, бул аксакал дагы өзүнүн сөзүндө "террористтик чабуул болду" деп жатат. Муну казак калкы кандай кабыл алар экен? Бейкүнөө өлүп кеткен адамдардын убалы кимге тийет? Аларды сырттан келгендер  өлтүрүштүбү же укук коргоо органдарынын кызматкерлери өлтүрүштүбү – бул чоң суроону пайда кылат. Бир нерсени ишенимдүү айта алам. Казакстандагы Назарбаевдин доору бүттү. Мындан ары мурдагыдай бийлик болбойт. Аны эли көтөрбөйт. Ошондуктан президент Токаев азыр дилемманын алдында турат. Элби же Назарбаевби? Өзү акыл калчап тандап алаар!
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер