Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Күзгүдөн каранып алгыла". Балбак Түлөбаев анын үстүнөн арызданган мектеп директорлоруна жооп берди

"Күзгүдөн каранып алгыла". Балбак Түлөбаев анын үстүнөн арызданган мектеп директорлоруна жооп берди

28-июнь, 16:46
349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги 50дөй мектептин директорлору депутат Балбак Түлөбаевдин үстүнөн арызданышып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Алар эл өкүлүн миллиард сом айыпка жыгуу керек экендигин айтышат. Буга Балбак Түлөбаевдин окуучуларды мектепке кабыл алууда 20 миллион долларга жакын пара директорлордун чөнтөгүнө кетип жатат деп айтканы себеп болгон.

Ал арада депутат Түлөбаев арыздангандар боюнча пикирин айтты:

“Урматтуу мүдүрлөр, күзгүгө каранып, анан мага кайрылгыла. Баары эмес, көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат унаа, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү батирлерди кайдан алдыңар?! Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес, мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсакана салып алдыңар. Канча ата-эне келди “пара алды деп. Жазып бергиле десем, баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей, ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй мүлкүңөрдү текшертүү керек. Бардык ата-энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын деп билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер