Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дача-СУ боюнча түзүлгөн комиссия эч нерсенин өтөөсүнө чыкпайт. Жөн гана алаксытуу...

Дача-СУ боюнча түзүлгөн комиссия эч нерсенин өтөөсүнө чыкпайт. Жөн гана алаксытуу...

20-май, 09:00
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Дача-СУ боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Бийликке сын айткандарды топтоп туруп, кошоктоштуруу таризинде катарга тизип койду. Арасында эч нерсени түшүнбөй эле аңылдап жүргөндөр бар. Башында Алмамбет Шыкмаматов турат. Кызык, Дача-СУда жогорку деңгээлдеги сыр деле жок. Бизге жеткен маалыматтан алганда, Гонгонкдон учуп чыккан самолёт Бишкектен май куюп алуу үчүн токтомок. Тилекке каршы, кырсыкка учурап, Түркияга жетпей жарылып кетти. Элдин убалына калды. Жоготуулардын ордун толтуруу үчүн компенсация алышыбыз керек эле. Ал да тийиштүү деңгээлде жасалбай калды. Бул сырткы бизнесмендердин иши экени жалганбы? Аныгында, маркумдарды кайтара албайбыз, алардын жакындарына кун төлөтүү гана вазыйпасын ашкере аткартыш керек!.. Дагы бир олуттуу маселе: самолёт кулаганда ӨКМ, милиция сыяктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери чачылган акчаларды, алтындарды, күйбөй калган товарларды, телефондорду тоношкону калппы? Мына ушул жагынан күмөн санасак болот. Натыйжада, Дача-СУ боюнча түзүлгөн коомдук комиссия эч кандай жаңылык, сырды ачышпайт. Тек гана бакылдап отурушуп, аягында тарап кетишет. Себеби, бул көрүнүш элди алаксытуу менен гана чектелет. Көрөсүңөр. Себеби, “бомба” сыяктуу бүйүр кызыткан сенсация болсо, эмгиче эле ачылмак. Кыргыз коомчулугунан эч нерсени ката албайсың да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер