Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Газдалган суусундук жана тез татымдар бөйрөктү талкалоодо

Газдалган суусундук жана тез татымдар бөйрөктү талкалоодо

10-март, 20:10
1 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын суусунун курамында туз жана оор металлдар кешдешкендиктен, аны фильтрден өткөрүп ичүү зарыл. Болбосо бөйрөктө таш пайда болуусу ыктымал. Ал эми бөйрөк жакшы иштеши үчүн көбүрөөк суу ичип, мөмө-жемиш жеш керек. Өзгөчө, дарбыз бөйрөктү жакшы тазалайт. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков “Sputnik Кыргызстан” радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

“Акыркы күндөрү бөйрөк оорулары менен жабыркаган адамдар көбөйдү. Буга эң биринчи эле туура эмес тамактануу жана суукка урунуу себеп болууда. Бөйрөк организмге кирген азыкты фильтрден өткөрөт. Экинчиден, кыргыздар катуу ооруп калмайын дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Мунун кесепетинен илдет өтүшүп кетүүдө. Биздин республикалык урология борборуна күнү-түнү бейтаптар түшүп жатат. Эң эле талуу маселе — бөйрөктө пайда болгон таш. Кыргыздар тамакты курсагы ачканда эле жебесе, өз маалында тамактанышпайт. Анан азыр эл көп ичип-жеген газдалган суусундук, тез татымдар бөйрөктү талкалоодо. Бул өнөкөт жана курч мезгил деп бөлүнөт. Курч учурунда бөйрөк түтүктөрүнө таш тыгылып калат. Заара толук чыкпай, түйүлүп ооруп, көздүн асты, буттар шишийт. Ошондой эле дене табы көтөрүлүп, жүрөк айланып, кан басымы да көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан профилактикага көңүл буруу абдан маанилүү” деди Мырзабеков.

Уролог бөйрөктөгү ташты дарыгер белгилеген диета, нур менен талкалоо же операция жолу менен тазалаарын кошумалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер