Милициянын эр жүрөк кызматкерлерине түбөлүк алкыш жана даңк!

Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – кыргыз милиция кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө быйыл туура 100 жыл толду. Бул тарыхый дата Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлгөн жылы менен дал келип, мамлекеттик деңгээлде белгиленчү мааракелердин бири.
Жоопкерчиликтүү, татаал, ары ардактуу кесип ээлери болгон милиция кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө белгилеп кетүүгө арзыйт. Эң оор күндөрдө элдин, өлкөнүн коопсуздугун коргогон ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем! Бейпил жашообуз үчүн жанын садага чапкан эр жүрөк кызматкерлерге түбөлүк алкыш жана даңк! Алардын ысымдары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, эрдиктери тарыхта алтын тамгалар менен жазылат деп бекем ишенем!
Милиция кызматкерлери элдин толук ишенимине ээ болду. “Менин милициям мени коргойт!” деп ар бир жаран сыймыктангандай деңгээлге жетти. Бул жолдо далай орчундуу учурларды баштан кечирдик.
2005-жылы кесипкөйлүк менен мамлекеттер аралык мамилени сактап кала алдык. 2010-жылы биздин кызматкерлер улуттар аралык чыр-чатакты жоюуда эрдик көрсөтүп, өлкөбүздүн коомдук коопсуздугун, тынчтыгын камсыз кылууда жан үрөштү. 2013-2017-жылдары чек ара чатактарында биздин милиция антка бекем турду. 2019-2020-жылдары биз жоопкерчиликти сезе иштеп, натыйжада, ички чыр-чатактын күчөшүнө бөгөт коё алдык...
Мен үчүн милицияда кызмат кылуу – бул кесип эле эмес, тагдыр! Биздин команданын ынтымагын жана биримдигин эч унутпайм. Сиздердин кызматыңыздар – өлкө коопсуздугунун негизи. Ар бириңиздер коомубуздун бейпил жашоосуна салым кошуп, тагылган милдетти ар-намыстуулук менен татыктуу өтөп келе жатасыздар.
Ардактуу кесиптештер! Баарыңыздарды кыргыз милициясынын 100 жылдык юбилейи менен куттуктайм! Ар бириңиздерге чың ден соолук жана мекенибиздин бакубаттыгы үчүн аткарып жаткан кызматтыңарда ийгиликтерди каалайм! Талыкпаган жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык! Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү болсун!
Курсан Асанов, милициянын генерал-майору
"Азия Ньюс" гезити