Кыйын күндө күйөөм болсо, сыноолор жеңил өтөт беле?


Өмүрүмдө биринчи жолу өз жашоом тууралуу жазууга батындым, анткени, акыркы каталарым менен мурунку жылдардагы окуяларды ичимде сактоо өтө оор болуп калды.
Өзүмдү аябай күнөөлүү сезип жатам, жашоо кыйындап, баары маанисиз. Дүйнөгө карата ачуум артып, көп туура эмес иштерди жасап келем, бул үчүн аябай уялам.
Өмүрүмдөгү айрым окуялар үчүн өзүмдү аябай жемелейм, алардын акыркысы кечээ эле болуп өттү. Баарына өзүм күнөөлүүмүн, себеби – жалган, экинчиси – чыдап жашоонун мүмкүн эместиги. Мен үч жолу бирдей ката кетирдим: чыдай берип, акыры баарын таштап кеттим, милдеттенмелеримди буздум.
Кечээ эле иштен бир заматта баса бердим, муну алдын ала пландаган эмесмин. Бирок кеттим. Ага чейин жетекчилик менен чырлар болгон, көңүл чөгөргөн каталарды кетирип, жемеге кабылып жаттым. Бирок эч ким менин ашыкча иштеген убактарымды көргөн жок, келишим түзүү иштерине убадаланган пайыздардын төлөнбөгөнүн да байкашкан жок. Акыркы чек – ката үчүн салынган айып пул болду. Аны кайра карап чыгышканда, менин катам жок экенин аныкташты.
Эртеси жумушка барган жокмун, “ооруп калдым” дедим. Мени чыкпай койгонум үчүн айыпташты. Балким, бул чындап эле туура эместир, бирок чыдамым түгөндү.
Жеке жашоомдо да дал ушундай чыдамсызмын. Сабырсызмын. Ошон үчүн мен бул убакта бактысыз жанга айландым. Кыйын күндө күйөөм болсо, сыноолор жеңил өтөт беле?
Айтурган











