Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зиядин Жамалдинов аксап калды, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалабы?

Зиядин Жамалдинов аксап калды, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалабы?

10-январь, 09:00
837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов жаңы жыл астында президенттен тил угуп, эскертүү алды. Эл көйгөйүн чечүүдө, карапайым адамдардын үйлөрүнүн документтерин бүтүрүүдө аксап келет. Анан калса, аким, айыл өкмөттөр губернаторду тоготушпайт экен. Баш ийкеп коюшуп, билгендерин кыла беришеби? Бизге жеткен маалымат боюнча, Ош облустук администрациянын ишин 1-орун басары Данияр Жаныкулов алдыга сүрөп атканы, эл менен иштешүүнү да колго алганы жашыруун эмес. Коллегалары да Данияр мырзанын көйгөйдү көрө билгенин жана чечүү машакаты менен алпурушканын баалай башташыптыр. Убакыт бат эле кимдин ким экенин айгинелейт эмеспи. Мындай шартта Ош облусундагы президенттин өкүлү катары Данияр Жаныкулов дайындалса, дымактуу жүрүш болот беле? Зиядин Жамалдинов өзүн, карапайым калкты да кыйнабай кете бербейби! Качанкыга чейин “эт менен челдин” ортосунда жүрө берет? Мамлекеттик кызматтын ырааттуулугун ойлойлу... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер