Садык Мурзаханов: “Көңүлүм жактырган адамдын гана сүрөтүн тартам...”


-- Өнөрканаңа киргенде эле Сүймөнкулдун сүрөтү бакыйып көрүнөт экен. Дүйнөңдү дүрбөлөңгө салган курч көздөрүн, тереңдигин ачып бериптирсиң. Агайыңдын сүрөттөрүн студент кезиңде иштеген экенсиң, сонун!
-- Геннадий Базаров “өмүр бою шедевр кино тартам деп жүрүп ушул жашка келип калыптырмын, көрсө, шедеврлерди жаш кезимде тартып койгон экенмин” деген эмеспи. Чын эле “Көчө” деген тасма не деген керемет! Түштүктүн жашоосун, менталитетин чагылдырган андай кино “Көчөдөн” кийин тартыла элек.
Анын сыңарындай, жашың өткөн сайын издене берет экенсиң. Мындан да жакшы кылайын дейсиң. Кээде эмгектериң жакшы чыгып калат, кээде көңүлүңө толбойт...
-- Өсүп жаткан адам ошентип изденүү жолунда болот турбайбы.
-- Ооба, “бийиктикке жеттим” деген – өсүүнүн токтогону болот экен.
-- Талант, көрөңгө, көрөгөчтүк, анан жаштыгың бар экен. Ушуну пайдаланып калыш керек да. Мисалы, не бир бай-манаптар өткөн, эч кимисинин аты-жыты калган жок дегендей. Жашап калчу жакшы чыгармалар болот тура.
-- Албетте, “жаман өнөрканаларда жаралган чыгармалар хансарайларда илинип турат” дегендей, жүрөктүн, акыл-эстин байлыгы керек адамга. Жаш өткөн сайын “мамлекттик кызматка барам” деген кыялдар калып, эркин болууну көбүрөөк самап калат экенсиң. Эркин жүргөн сүрөтчү досторум бар, билинбей жатып дүйнөлүк аренада жүрүшөт. Бизде да Кудайга шүгүр, эки жакты тең бирдей алып кетип атабыз. Бирок, мамлекеттик жумуш адамдын энергиясын соруп коёт экен. Ар кандай адамдар менен сүйлөшөсүң, нерв болосуң, тапшырма берет, аны бүтүрүш керек. Алаксып жүрүп негизги өнөрүң экинчи орунга калып кетет. Иштеримди кыскарттым азыр. Чыгармачылык жолдо чоң эмгектерди жаратсам деген тилек, максаттар бар.
-- Леонардо да Винчинин “Мона Лизасын” айтам, дүйнөнүн акындары ырга салып акакташат. Ошого анан ал аялдын сүрөтүн аягынан да, быягынан да айлантып карайм да. Бир аз көзүнө сыр катканы болбосо, кадимки эле аял. Ага эмнеге анчалык суктанышат дейм да? Же мен көрбөй жатамбы?
-- Согушка чейин ал картина өтө деле атак-даңктуу болгон эмес экен. Париж десе эле Эйфель мунарасы менен “Мона Лизаны” элестетишет да. Мен барып, үч метр аралыкта жанынан көрдүм. Кичинекей эле сүрөт экен. Анын жанында чоң, укмуш шедевр эмгектер турат, аларды эч ким карабайт. Бүт эле “Мона Лизаны” карайт. Өлкө жасалма жол менен өзүнөн бир бренд чыгарыш керек болуп, жабыла иштешкен да. Уурдалып кетип, кайта табылып атты, аны деле өздөрү жасашы мүмкүн. Өтө баалуу картина эле деп чуу болгон сайын даңазасы таш жарат. Искусство таануучуларга акча төлөнүп берилип, “иликтеп жазгыла” деген буйрук болгон. Алар кичинекей эле сүрөт тууралуу том-том китептерди жазышкан...
-- Сен тарткан портреттерди карап отуруп, мындай ой келди: Амедео Модильяни деген сүрөтчү бар го, Италиядан чыккан. Ошол сүрөтчүнүн портреттери көп деле окшошчу эмес экен. “Эмнеге мага окшоштурган жоксуң?” деп сурашса, “мен сенин сыртыңды эмес, ичкү мүнөзүңдү тарттым” деп койчу тура.
-- Модильяни менин жакшы көргөн сүрөтчүм. Тарткан сүрөттөрү да жагат, өзүн да сыйлайм. Кээ бир сүрөтчүлөр жакшы көргөн сүрөтчүлөрүн туурайт, бул туура эмес. Эмгегин гана баала, бирок туураба. Ар бир сүрөтчү өзүндөгү бар нерсени, көрөңгөсүн чыгарыш керек. Модильяни анатомияны атайын бузуп тарткан. Ал көбүнчө көз тартчу эмес. Өзүнүн аялын сүйлөшүп жүргөндө тарткан. “Менин көзүмдү эмнеге тартпайсың?” десе, “мен сени али биле элекмин” деп койгон. Кийин үйлөнүп, бир балалуу болгондон кийин көзү менен тарта баштаган.
-- Сен адамдын ички дүйнөсүн тартасыңбы?
-- Портрет – эң татаал жанр. Жандүйнөң менен берилип тартып атып, сөзсүз ички дүйнөсүн ачып аласың. Баары бир маңдайындагы адамдын жандүйнөсү портретке чыгып калат. Тартып жатып адамдын мүнөзүн да билип аласың. Кээ бир кишинин сүрөтү шыр тартылат, тимеле эргип тартасың. Кээ бириникин тартканда кыйналасың. Сиздер деле эркин ырларды жакшы жазып, заказ берилген болсо кыйналсаңыздар керек...
-- Таланттуу кишинин сөзсүз таянычы болуш керекпи?
-- Кудай адамдын ар бирине бир өнөр берет. Сизге акындыкты, мага сүрөтчүлүктү берди. Бизге көп адамдар “мен да сүрөтчү болгум келген, боло албай калгам” деп көп кайрылышат. Себеби, адамзаттын дүйнөнү таанып билүүсү көз аркылуу көрүүдөн башталат. Сүрөтчүлүк табияттан берилет.
Негизи, жазуучулар деле сүрөтчү. Биз кыл калем менен тартабыз, жазуучулар сүрөттөп жазышат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, сүрөттөп жазуу чеберчилигине таңгалдым. Биз – жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр бири-бирибиз менен байланышпай койдук, ошон үчүн өнүкпөй жатабыз. “Богема” деген операны билесиз да, сүрөтчүсү, ырчысы да бар. Биз да биргеликте иштешибиз керек.
-- Сүрөтчүлөр менен бириккенди мындай кой, жазуучулар ар кимиси өз арбайларын согушуп, өзүнчө тырмалаңдап жаткан мезгилдебиз...
-- Бул жаатынан сүрөтчүлөрдө алгылыктуу иштер бар экен, ар кайсы улуттан болгону үчүнбү, бөлүнүү байкалбайт. Корей, орус, еврей, казак, кыргызы чогуу. Уюштуруу, бирдиктүүлүк бар. Союздан калган өзүбүздүн мүлктөрдү ушул кезге чейин сактап келебиз. Көлдө эки жерде база бар. Эс алабыз, сүрөт тартабыз, чет жактарга чыгабыз. Азис Сулайманов деген досум экөөбүз Будапештте көргөзмө ачтык. Биринчи жолу тушообуз Европада кесилди десек болот. Элчилик уюштурду, өтө жакшы деңгээлде өттү.
-- Мен Сальвадор Дали жөнүндө көбүрөөк жазып калам. Скульптор, сүрөтчү, жазуучу, айтор, көп кырдуу талант болгон. Мени кызыктырганы анын сюрреализм деп аталган кадимки сүрөттөн тыш, ойкуштаган картиналары болду. Бизде дагы Сальвадор Дали сыяктуу эмгектери ойго салган сүрөтчүлөр барбы?
-- Импрессионисттер искусстводо башкача көз караш менен иштешкен. Башында аларды эл жакшы кабыл алган эмес. Себеби, чектөөлөр болгон. Пикассо, Амедео Модильяни сыяктуу сүрөтчүлөр “эмне үчүн чектөө болуш керек?” деп реализимден чыгып кетип тартышкан. Бизде да ошолорду туурап тартышкандар бар, бирок, биринчи реализм деген классикадан өтүш керек. Далинин сүрөттөрү мыкты. Анын сүрөттөрүн карап туруп ар кандай чечмелесе болот. Искусстводо чектөө болбош керек негизи. Биз тарта турган сүрөттөр аябагандай кенен.
-- Сүрөтчүлөрдүн турмушу да кызык, кээси итке минген жарды жашашат да, өлгөндөн кийин бааланып, “байып” жатып калат. Тирүүсүндө өтпөгөн сүрөттөрү укмуштай кымбат сатылып, колдон колго өтөт...
-- Булардын арасында Пикассо, Далилер мультимиллионер болушкан. Барган жеринен президенттер тосуп алышып, сый көрсөтүшкөн. Ван Гогду билесиз да, тескерисинче, кыйналып жашаган. Иниси сүрөт сатып иштеген. Агасынын тарткан сүрөттөрү өтчү эмес, “өтүп жатат” деп алдап, акча берип, көңүлүн көтөрүп турган. “Сүрөттөрүм сатылып жатыптыр” деп иштей берет, тартып алып келип бере берет. Иниси акча карматып коёт. Бир жолу складда жыйылып турган сүрөттөрүн көрүп, заманасы куурулуп, өзүн өзү ошол жерде атып алган.
-- Жана сен “чыгармачыл адамдар узак жашайт” дедиң го, эмнеге?
-- Анткени, берилип иштеп жатып, транска кирип, бу дүйнөнүн көйгөйүнөн чыгып кетишет да. Бир досум айтат “ошол учурда убакыт токтоп калат” деп. Эргип иштеп жатканда “чай ичип алсаңчы” деген сөз да жакпай кетет. Башкаларда деле ошондой болсо керек...
"Азия Ньюс" гезити











