Уулум, сени терезеден секирип чыгып, секирип кирип жүрүп тапкам…

Жаштык кылыпмын… Ал кезде студент элем. Үйдө ата-энем катуу кармап, жакшы тарбиялаган. Кыздарга кошулуп клубдарга, майрам-кечелерге барбаганыма жаман болуп, ата-энемди бул үчүн жек көрүп жүрдүм.
Үйдө кудайга шүгүр, кийем дегенимди кийип, ичем дегенимди ичип, жакшы эле турмуш көрдүм. Ата-энемдин алаканында бөпөлөнүп өстүм. Бирок бир гана алардын көзөмөлү такыр жакпады.
Тима менен таанышкандан кийин ата-энеме баш бербей калдым. Түнкүсүн терезеден секирип чыгып, таңга жуук секирип кирип жүрдүм. Жигитим дайыма келип алып кетчү.
Экөөбүз клубдарга, эс алуучу жайларга барып, жакшы убакыт өткөрдүк, ойноп-күлдүк. «Мына бактылуулук, мына жыргал жашоо» деп жыргап жүрө бердим. Акыры кантип боюма бүтүп калганын түшүнбөй калдым. Кийин бул тууралуу Тимага айтсам, ал дароо алдырып салууну айтты. Мен каршы болуп туруп алдым. Мени түбөлүк сүйөм, сенсиз жашай албайм деген жигитим ошондо таштап кетти.
Эмне кыларымды билбей, акыры атамдын карындашы Жанна эжеге чалдым. Ал күйөөсү экөө көптөн бери балалуу боло албай жүрүшкөн. Кафелердин бирине чакырып, иштин чоо-жайын айтып бердим. Ал атамдарга айтпайм деп сөз берди. Курсагым чыга электе үйдөн кетишим керектигин айтып, атамдардан мени бир жыл биз менен турсун деп болбой суранып жатып, кой-айга болбой алып кетти. Ошентип ай-күнүм жетип, көз жардым. Баламды боорума баспастан дароо эжеме бердим.
Азыр балам төрт жашка чыкты. А мен турмушка чыкканыма эки жыл болду. Эки жылдан бери төрөй албай келем. Баламдын убалына калган окшойм…
Кечир балам, сени «жээним» деп боорума кысып, жыттап-жыттап алам. Эми сага зармын. Келесоо, акылсыз энеңди кечир…
Жаш кыздарга айтарым, мендей жеңил ойлуу болбогула. Көрсө, ата-эне балага жакшылыктан башканы каалабайт турбайбы…
Булак: AibekNur.kg