Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Айбек Калиевди прокурор 17 жылга эркинен ажыратууну сунуштады
Айбек Калиевди прокурор 17 жылга эркинен ажыратууну сунуштады
29-ноябрь, 00:11

Прокурор Марат Кулжабаев өз сөзүндө улуттук “Энергохолдингдин” мурунку башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ошондой эле андан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана «Даңк» медалын алып салуу сунушталды. «Мындан тышкары, Айбек Калиевден ТВЕАнын сатылган унаасынан 1 миллион 627 миң сом өндүрүүнү суранам» деди ал.
"Азия Ньюс" гезити