Арсланбек Кененбаев, финансы талдоочу: “Өлкөдө салык революциясы жүрүүдө”


-- Жаңы салык системасынан эл көбүрөөк кыйналгандай. Эл көндүбү, жөнгө салындыбы, сиз кандай ойдосуз?
-- Ооба, өлкөдө салык реформасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Кыргызстанда бизнесмендер эбегейсиз салык төлөп, дайыма ушундан жапа чегип келишкен. Баардык жүк алардын мойнунда болчу.
Мен “биздин тарифтер жогору” деп айталбайм, тескерисинче, башкаруунун өйдөкү деңгээлине жана салык чогултуунун жогорку натыйжалуулугуна байланыштуу төмөн. Соцфонд да көп акча чогулта баштады, бул жакшы чогултуунун эсебинен ашыкча социалдык төлөмдөрдү чогултууга шарт түздү. Менимче, бул жерде өкмөт абдан чоң иш жасады, башкача айтканда, алар социалдык төлөмдөрдүн ставкаларын абдан төмөндөтүп коюшту. Чындыгында азыр маяналарды жашыргандан көрө, расмий түрдө төлөп берүү оңой.
Азыркы жаңы система, албетте, элге кыйын, өзгөчө төлөбөгөндөргө же патент менен жүргөндөргө. Бул – салык революциясы. Мындай кескин өзгөрүүлөр келечекте бүтүндөй экономиканы агартып, абдан жакшы натыйжа берет. Ошондуктан муну “салык революциясы” дегенибиз туура болот. Ооба, башында бир аз оор, бирок кийин абдан жакшы натыйжа берип, экономикада адилеттүү салык орнойт да. Ар убакта жаңы нерселер кыйын жана татаал. Элдин баары эле мурда бухгалтердик эсеп менен иштеген эмес. Бул система алар үчүн стресс, демек, ал адамдарга жардам берип, баарын акырындап жөнгө салуу керек деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити











