Чыңгыз Айтматов улуу элибиздин кайра жаралуу эпохасын алып келген инсан

Ооба, ал тууралуу азыркы убакка чейин, андан бери 16 жыл өтсө да (быйыл 10-июнда 17 жыл болот), эч кимдин оюна да келбептир. Балким, кай бирөөнүн оюна келсе да, эмнегедир ушул убакытка чейин унчукпай келишет. Эмне себептен экени белгисиз. Менин оюмча, анын бир эле себеби болушу мүмкүн, ал “ушул убакытка чейин өткөн өксүк 30 жылдын ичинде биринен бири өткөн көрпенделер алып келген кулчулуктун идеологиясынан арыла албай келе жатканыбыз болуп жүрбөсүн?” деген ой келет экен аргасыздан... Анда “биз качан жана кантип акыл-эсибизден ажыраган маңкурт болуп калганбыз?” деген суроо туулат. Бул суроо күнү-түнү жүрөгүмдү өйүп, күн өткөн сайын күчөп барат. Эмне себептен экенин өзүм да түшүнбөй жүрөм.
Ошол себептен, Кудай сүйгөн улуу кыргыз элибиздин сый-урматына татыган инсандарыбызга кайрылып, кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери дүйнө элине адамгерчиликтин жана адилеттүүлүктүн үлгүсү катары таанылган эл катары тарыхта калган таржымалын тартуулап, ой бөлүшкүм келди.
Айтайын дегеним, алыскы, биздин эрага чейинки (б.э.ч.) заманда, тактап айтканда, 325-жылы улуу жоокер Александр Македонский (Искандер) Жакынкы Чыгыш, Персия, Согдиана өлкөлөрүн багындырып, андан ары Индияга жол тартып баратып, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан күнөстүү шаарга туш келгени тууралуу. Улуу жоокерди тосуп чыккан шаардыктар урмат-сыйдын үлгүсүн көрсөтүп, Искандер мырзаны Аксарайга чакырышып, даам татып кетишин өтүнүшөт. Анда ал: “Эмнеге бул шаарыңар ачык турат заңгыраган? /Эмнеге үй-жайыңар кулпусуз, жабылбаган? /Мал-жаныңар кароосуз калган белем?.. /Гүлбакчаңар бейиш го табылбаган?” деп таңданып сурайт.
Анда шаардыктар: “Биздин күч байлыкта эмес, биримдикте, /Жалган айтып жашоого мүмкүн эмес. /Жалгыз гана ынтымак, ырыскыбыз, /Күч берет элибизге, жерибизге!” деп жооп беришет.
Муну уккан Искандер: “Анда неге далбастап, жанды кыйнап, /Жер кезип жүрөм бекер байлык жыйнап? /Бул элге кереги жок байлык, бийлик, /Канткенде башкаларга кызмат кылмак?..” деген ойго келип, “Жок, болбойт! Мен бул элди билбептирмин, /Опаасыз көроокатка алданбаган, /Ынтымак, ырыскысын тең бөлүшкөн, /Эл экен ооматы күч, жалтанбаган. /Анда мен ким боломун, айткылачы? /Жер кезип, бакыт издеп, жай албаган?..” деп өзүн өзү токтотуп, ушул жерден кайра кайрылып, өз мекени Македонияга кайтып келген экен.
Албетте, бул Чыгыш элинин улуу акыны Низами Гянджеви (1141-1209) жазып калтырган “Искандер-Наме” поэмасынын негизги каарманы – улуу жоокер Александр Македонскийдин поэтикалык образы. Бул факт тууралуу белгилүү совет жазуучусу Мариэтта Шагинян өзүнүн “Семья Ульяновых” аттуу трилогиясында мындай деп жазып калтырган: “Место, где находится этот “город счастливых”, указано поэмой почти точно: на пути в “Хиргиз”. И также точно называется время – 325 год до нашей эры. Один из таких “Александрий”, старинная рукопись, имеется в библиотеке Петра Великого. Я видела ее несколько лет назад на выставке в Ленинграде” (М.Шагинян, собр. соч. т.5, стр. 821-825, изд. Москва “Художественная литература” 1988). Демек, бул факт тарыхый чындыкты далилдеген эмгек экени да шексиз.
Экинчи жагынан, биздин замандашыбыз, Англиянын белгилүү окумуштуу-гуманисти, тарыхчы-социологу Арнольд Тойнби (1889-1975) мырзанын адамзаттын келечектеги тагдыры тууралуу айтканын эске алсак: “Эртеби-кечпи, адам баласынын келечектеги жашоо турмуш тагдыры адилеттүүлүктүн жана теңдиктин, берилгендиктин жана гумандуулуктун орношу менен уланат. Ал жаңы цивилизациянын борбору белгилүү Лондон, Париж же Нью-Йоркко окшогон мегаполистерде жаралбайт. Ал бүткүл дүйнөлүк улуу маданият борборлорунун кесилиш жолунда жайгашкан тынч региондо гана орун алат”. Окумуштуу мырза жер жүзүнүн картасын алып, Алыскы Чыгыш элинин маданияты Кытай аркылуу, Инди элинин маданияты улуу Гималай тоо кыркалары аркылуу, ислам элинин маданияты Орто Азия элдеринин каада-салты жана Европа элинин маданияты Россия аркылуу өтөрүн түз сызыктар менен белгилейт. Эң кызыгы, ошол маданий сызыктардын кесилиши – Улуу Теңир-Тоонун этеги менен өтүп жатканында...
Бул факт, албетте, XX кылымдын улуу окумуштуусу, тарыхчы-социолог Арнольд Тойнби мырзанын инсандык укугу, ой-тилеги жана бизге атайын ишеним артып калтырган акыркы керээзи катары кабыл алышыбыз керек (!) деген аруу тилегимди айткым келет.
Азыркы заманыбыздын инсандары жана түркөй душмандары
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда төрөлүп, 2008-жылы 10-июнда, 79 жарым жашында каза болду. Ал арада өзүнүн чыгармачылык таланты менен бүткүл дүйнө жүзүнө XX-XXI кылымдардын гуманист инсаны катары таанылып, өз өлкөсүндө катардагы жазуучу катары өтүп кете берди. Эмне себептен? Анын эки себебин келтирели. Биринчиси, орус элинде мындай деген түшүнүк бар эмеспи: “Поэтому ты можешь не быть, но гражданином быть обязан!” деген. Анын сыңарындай, биз бул жерде Чыңгыз агабыздын чыныгы жарандык патриот, инсандык эрдиги тууралуу гана сөз кылмакчыбыз. Анткени, “Время рождает героев” деп айтылгандай, Октябрь революциясынын арты менен мамлекеттүүлүккө жетип, экинчи дүйнөлүк согушта эрдигибизди көрсөтүп, жаңыдан эл катары бутубузга туруп келатканыбызда ашынган интернационализмди туу туткан айлакер партократтар менен великоросс-шовинисттердин туткунунда калып, кылым карыткан улуу кыргыз элибиздин тили, дилинен ажырап калууга чейин барбадыкпы!.. Ошондо, 1987-жылдын 4-5-декабрында Фрунзеде Кыргызстан КП БК тарабынан атайын уюштурулган республикалык илимий-практикалык конференцияда Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Ч.Т.Айтматов (кара башын канжыгага байлап коюп) кыргыз элинин тилин, дилин, бийик рухий дүйнөсүн сактап калуу боюнча программалык сөзүн сүйлөп чыкпадыбы!
«Для меня, - деп баштады ал өзүнүн сөзүндө, -- только остается загадкой, почему определенные печатные органы изображают зачастую дело так, что население национальных республик, в частности, в Киргизии, якобы недостаточно хорошо говорят по-русски, и бьют по этому поводу ложную тревогу. Мне лично кажется, что такие утверждения выдвигаются определенными силами в республике в качестве контр проблемы, как только речь заходит о необходимости усилий по развитию на местах национальных языков. Мы против таких противопоставлений. Между нашими языками нет антагонизма и даже противоречия нет, в наших условиях каждый язык имеет свое место и ничто не мешает им сосуществовать, принадлежать одновременно каждому из нас, только не надо намеренно мешать этому процессу, выбегая с криком на дорогу в тоге сверхинтернационалиста.
Говоря о принципе добровольности, хотелось бы спросить: Не слишком ли вольно мы толкуем это понятие, когда дело касается национальных языков? По отношению к родному языку добровольность представляется мне неким кощунством. Принуждать, разумеется, никто никогда не может, но и освобождать сознание нации от своей истории, тем более призывать, поощрять отказ от родной речи – считаю крайним проявлением национального нигилизма.
Мало ли нас, много ли, но здесь эпицентр нашего народа. Только здесь, на этой земле, и больше нигде. И этого нельзя забывать, когда идет сопоставление и выяснение так называемого процентного соотношения. Когда иные лица пытаются если не противопоставить, то во всяком случае выдвинуть негативное отношение к потребностям нашей национальной культуры, мотивируя это тем, что существуют-де еще и другие национальные меньшинства, то надо иметь в виду, что у этих меньшинств, с которыми мы живем в мире и согласии уже свыше 100 лет и с которыми у нас не было никаких инцидентов, ничего, кроме дружбы и уважения, у этих народов при всем при том существуют свои, куда более мощные, основные эпицентры культуры, где и сохраняются и развиваются их языки.
А если киргизская культура не может состояться на своей земле, то она уже нигде не может состояться. Вот в чем наша небольшая разница, которую следует учитывать нашим оппонентам. А мы в столице республики не можем добиться открытия простейших и безобидных детсадов...”. Жана сөзүнүн аягында: “Все наши трудовые и социальные усилия, все наши хозяйственные планы преследуют общую задачу - подъем экономики. Но и это не самоцель, если смотреть в корень бытия. Только тогда, когда наши достижения обернутся прогрессом духовной культуры и в том числе прогрессом национальной культуры, эти усилия обретут свой высший смысл. И это будет конечным торжеством труда!..» деп трибунадан түшүп, президиумдагы ордуна барып отуруп, дүркүрөгөн кол чабуулардан кайра туруп, дагы бир топко чейин кол чаап турушту...
Андан бери 37 жыл өтсө дагы ал кездеги партократиянын диктатурасына каршы сүйлөмөк турсун, кыпындай кыймыл-аракет да мүмкүн эмес эле...
Ооба, ошентип, бир Жараткандын жардамы менен айтылган ачык сөздү бүткүл дүйнөнүн прогрессивдүү аалымдары, өзгөчө “Ысык-Көл форумунун” (1986-жыл) катышуучулары: Артур Миллер (АКШ), Питер Устинов (Англия), Инга Миллер (АКШ), Александр Кинг (Рим клубунун президенти), Олвин Тофлер (АКШ, футуролог), Хайди Тофлер (АКШ), Лисандро Отеро (Куба, жазуучу), Яшар Кемаль (Түркия, жазуучу), Федерико Майор (Испания, Ген.дир. ЮНЕСКО), Аугусто Форти (Италия, секр. ЮНЕСКО), Клод Симон (Франция, Нобель сыйлыгынын лауреаты), Афеверк Текле (Эфиопия, сүрөтчү), Джеймс Болдуин (АКШ, жазуучу), Нараянва Менон (Индия, музыкант), Омар Ливанели (Түркия, композитор), Девид Болдуин (АКШ, актёр) ж.б. дүйнө элдеринин лидердери бир добуштан колдоп чыгышпаганда, ай, ким билет, Кудай сүйгөн улуу кыргыз элибиздин патриот уулу Чыңгыз агабыздын мындан аркы тагдыры эмне болорун... Ооба, бир Кудай билет...
Ошол убакта тоталитардык режимдин күнү бүтүп баратканын сезген айрым партократ-авантюристтер, анын ичинде Ельцин, Кравчук, Шушкевич, Гамсахурдия жана Акайычка окшогон либерал-демократ-демагог чыккынчылар Борис Бирштейнге окшогон эл аралык мошенниктердин жардамы менен бийликке келишип, асты алты, арты отуз жылга чейин каалагандай чартаңбай тебишкени, албетте, жалпы коомчулукка жакшы маалым. Ал убакыт тууралуу орус элинин кыраан жетекчиси В.В.Путин мырзанын так кесе айткан аныктамасы да барыбыздын эсибизде: “Годы правления государством Б.Н. Ельцина и его единомышленников были трагически преступными!..” деп. (Казань, 13.05.2019).
Ошол өткөөл өмүрүбүздүн кесепети тууралуу Чыңгыз агабыз да эскертип кеткен насаат сөздөрүн азыркы бийликке келген жаңы муундун чыгаан уул-кыздарына да атайын кайрылып, “ачык сөздүн айбы жок” дегендей, ачык айтып коюуну ушул жерде туура көрүп турам.
“Ооба, - дейт анда Чыңгыз Айтматов өзүнүн бүткүл союздук депутаттардын акыркы съездинде “Литгазетанын” корреспондентине интервью берип жатып, -- ар бир адам өз элинин чоң же кичинесине карабастан башка элдердин арасында өзүн тең укуктуу жана сыймыктануу менен кабыл алгысы келет. Чынын айтайын, биздин республикада улуттук ассимиляция (өз өзгөчөлүгүн жоготуу) процесси өтө күч алып баратканда менин да инсандык моралдык укугум ага жол берген жок. Ал убакта бул маселени көтөрүп чыгуу абдан опурталдуу эле. Азыр болсо ал убакта мени партократтардын талоонуна түртүп коюшуп, унчукпай, коңулга кирип кетип жан баккан жаңы “улутчулдар” эми кыйын болуп жүрүшпөйбү... Албетте, алар улуттун эмес, өзүлөрүнүн гана кызыкчылыктары үчүн күрөшкөн. Анткени, чыныгы улутчулук – бул жалпы элдик, этнопатриоттук кыймыл. Бул мактаныч эмес. Бул кадимки ак эмгекти талап кылган жооптуу кызмат. Ал эми демократия деген – жердешчил бир топтун же бир өзүнчө кландын кызыкчылыгына гана кызмат кылган “жалданма аял” (служанка) эмес. Кептин бары ушунда. Ал – биздин ушул убакытка чейин эски кулчулуктан чыгалбай жүргөн эски түшүнүгүбүздө!..”.
P.S.: Жогоруда моралдык укук тууралуу сөз болгондуктан, мен дагы ушул жерде өзүмдүн моралдык укугумдан пайдаланып, урматтуу окурмандарга кайрылып, төмөнкү оюмду айткым келет: Эртеби-кечпи, дагы бир күнү жогоруда Арнольд Тойнби мырза айткандай, Теңиртоолук элибиздин колуна Улуу Жараткандын амири менен дүйнө элинин эртеңки тагдыры да келип түшөрү шексиз. Ошондо ушул Чыңгыз агабыздын бизге насаат катары айтып калтырган моралдык укугубуздан тайбай, дүйнө элинин келечек тагдырын эң жогорку деңгээлде көтөрүп алууга даяр болушубуз, албетте, биздин мезгилибиздин күн тартибинде турган эң негизги максатыбыз болушу керек деп ойлойм!
Биздин аргументтер
Бул менин ой-толгоомдун пайда болушуна биздин кесиптешибиз Советбек Байгазиев мырзанын “Чыңгыз Айтматов – Ала-Тоонун жана адамзаттын акылманы” (“Азия Ньюс”, 26.12.2024) аттуу көркөм-философиялык публицистикасы жана мамлекеттик ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев мырзанын “2020-жылдын 2-мартындагы митинги...” (“Азия Ньюс”, 20.02.2025) кийинки күздөгү элдик толкундоонун эң негизги жарчысы боло алгандыгы тууралуу баяндамасы себеп болушту.
Биринчиден, Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылык жолунда дүйнө элинин аң- сезимин ойготуп, рухий дүйнөсүн байытып кетти. Ошол эле убакта ал өзүнүн күнүмдүк турмушунда тоталитардык системанын кесепетинен жабыркаган элинин көз көрүнөө маңкуртка айланып баратканына жаны чыдабай, керт башын курмандыкка чалууга чейин барган жарандык эрдигин ушул убакытка чейин эч ким жана эч качан ачык айтып, моралдык баа берүүгө жараган жок. Анткени ал убакта эл аралык мафия өз күчүн жогото элек болчу. Жадагалса алар өз убагында Чыңгыз Айтматовдун атын жамынып бийликке келишкенден кийин кайра анын атын булгап, арам тамактарын актаганга чейин барышпадыбы!.. Бирок алтынды дат баспайт. Аны көөлөгөн көрпенделер билип жүрүшсүн, убагы келгенде алардын ар бири өз жазасын алат. Бул аксиома. Тактап айтканда, алар Кыргызстанды талап-тоноп бүткөндөн кийин, элдин каарынан коркуп Россияга ж.б. өлкөлөргө качып чыгып кетишкени эмнеден кабар берет? Ооба, аларда Ата журт, абийир, ар-намыс деген түшүнүк жок! Аларда “алсам-жутсам, анан бир жакка качып чыгып кетсек” деген гана түшүнүк бар.
Мисалы, алардын анабашчысы азыр дагы көнгөн адатын карматып, орус элинин жашоо турмушундагы өтүп жаткан объективдүү процести изилдемиш болуп, “мен Россиянын конвергенциядан (биологиялык биримдиктен) дивергенцияга (биологиялык ажырашууга) өтүү жолундагы өзгөчөлүктөрүн изилдеп, Нобель сыйлыгына жетүүнү максат кылып койдум” деп мактанып, буту бутуна тийбей далбас уруп чуркап жүргөнү белгилүү...
Ишенем, убагында улуу акыныбыз Алыкул Осмонов “Эй, Россия, Россия, бир боор энем! /Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен. /Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, /Биз элбиз, биз кишибиз сени менен!” дегендей, койну кенен, пейили таза жана эрки күчтүү орус эли эч качан эч кандай демократ-демагогдорго ар-намысын алдырган эмес жана алдырбайт! Балким, ошол себептен улуу орус элинин ичинде: “В семье не без урода” деген философиялык түшүнүк сакталып калгандыр...
Албетте, убагы келгенде, жүз жыл же миң жыл болобу, Альберт Тойнби мырза айткандай, “Европа элинин маданияты да Россия аркылуу ыйык Теңир-Тоону жердеген, улуу табияттын кынтыксыз мыйзамы менен жашаган, адилеттүүлүктү жана кайрымдуулукту туу туткан айкөл элдин арасына келип кошулары шексиз...
Экинчиден, кыргызда “Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз элинин чыгаан уул-кыздары Барсбек каган, Тагай бий, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Чыңгыз Айтматов, Насирдин Исанов ж.б. инсандарыбыздын басып өткөн өмүр жолу, аткарган иш-кызматтары жана бийик адамгерчилик сапаттары ага күбө.
Ошол көөнөргүс сыймыктарыбыздын жолун жолдоп, алардын артында өсүп келе жаткан жаш муундарыбыздын демине дем, күчүнө күч кошуп, куттуу кыргыз элибиздин улуу даражасына ак эмгегин арнап, эң бийик жана өтө жооптуу мамлекеттик кызматтарды өз моюндарына алып, кабагым-кашым дебей күнү-түнү иштеп жатышкан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мырзаларга атайын кайрылып, насаат катары айткым келет: “Айланайын, Ата журтубуздун азамат мырзалары! Ар дайым эсиңиздерде болсун, Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элибиздин миң жылда бир жаралган эки ыйык дөөлөтү бар. Алардын бири – илгерки кыйчалыш заманда кыргыз элин кыргындан сактап калып, каада-салттуу журт кылган Айкөл Манас атабыз болсо, экинчиси – азыркы арсар заманда акыл-эсибизден ажырап, маңкурт болуп бараткан кыргыз элибиздин тилин, дилин жана бийик рухий дүйнөсүн сактап калган гуманист Чыңгыз агабыз эле. Ошол ыйык дөөлөттөрүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактап, жогоруда айтылган куттуу кыргыз элибиздин жаркын келечегине татыктуу бололу!
Мен сиздерге ишенем. Анткени, адамзаттын ардактуу инсандары бекеринен адилеттүүлүктү туу туткан кутман элибиздин эртеңки келечегине көз артпаса керек...
Ишиңиздерге ийгилик каалап жана терең урматым менен,
агаңар Карыбай Турусбеков
Тел.: 0704-20-06-12, 0999-28-01-42
"Азия Ньюс" гезити