Алмазбек Бейшеналиев эл аралык алкакта интеллекти бийик министр катары таанылды

Конструктивдүү чечимдерди кабыл алганы менен айырмаланган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бир топ алгылыктуу иштерди жасап, ишенимдүү кадамдарды таштап, көйгөйү көп бул тармакты акырындап оңдоп-түздөп келатат. Эл аралык алдыңкы тажрыйбаларга таянып кабыл алган, узак мезгилге мерчемделген программалар билим берүүдөгү дүйнөлүк деңгээлдеги интеграциялык процесстерге кошулууга өбөлгө болот. Англис тилинде эркин сүйлөгөн Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Генералдык ассамблеясынын саммитине карата Парижде өткөрүлгөн “Билим берүүдөгү трансформация” аттуу эл аралык илимий конференцияда билим берүүнү каржылоо жана санариптештирүү маселелери боюнча мазмундуу баяндама жасап, илим, билимдин каймактары чогулган жерде интеллекти бийик министр катары таанылды.
Алмазбек Бейшеналиев Нур-Султанда өткөн эл аралык Түрк академиясынын V илимий кеңешине катышып, жыйындын жүрүшүндө түрк элдеринин жалпы тарыхы, адабияты, географиясы боюнча окуу китептерин даярдоо, аны окуу программаларына киргизүү боюнча ой-пикирлерин ортого салып, тектеш элдердин маданиятындагы алака-катыштарды бекемдөө, гуманитардык багыттагы интеграция маселелери боюнча жүйөлүү сунуштары түрк тилдүү мамлекеттердин билим министрлери тарбынан колдоого ээ болуп, жылуу кабыл алынган.
Өлкөдөгү кооптуу деп эсептелген авариялык абалдагы мектептердин так эсебин алып, алардын ремонттон өтө тургандарынын оңдоп-түзөлүшүн тездетип, салынып бүтпөй жаткан мектептердин курулушун өзү көзөмөлгө алып, жаңы окуу жылына А.Бейшеналиев жетектеген министрлик күндүр-түндүр иштеп, жигердүү даярдыктар көрүлүп жатат.