Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: “Ашкере диндарларды бийликке жолотпоо – бүгүнкү күндүн эң туура кадамы болууга тийиш”

Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: “Ашкере диндарларды бийликке жолотпоо – бүгүнкү күндүн эң туура кадамы болууга тийиш”

10-ноябрь, 20:05
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, алдыдагы парламенттик шайлоодо молдокелерди пайдалануу жагына көзөмөл салынабы?

-- Сырткы геосаясый күчтөр тарабынан каржыланган ашепке радикал маанайдагы исламисттер бир топ жылдардан бери светтик Кыргызстандагы бийликти ээлөөгө ак эткенден так этип жүрүшкөнү алаканга салгандай эле көрүнүп, аны баарыбыз эле мыкты билип калбадыкпы. Капчыктуу болгондон улам алар бийликтин ар кыл тепкичтериндеги ар кайсы тармактарына кирип кетишкени   жашыруун эмес. Мурунку же 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин хиджабчан жана сакалчан динчил депутаттары эле буга ачык далил. Анүстүнө динчил жарандар үчүн бизде баардык шарттар түзүлгөн. Айтсак, ар бир калктуу пунктта жайнап курулган 4000ден ашуун мечит-медреседен сырткары, өлкөдө ислам университеттери, ислам академиясы, диний окуу борборлору бар. Алтургай жеке менчик формасындагы диний бала бакчалар менен мектептер ачылып, ал жерде балдар кыргыз урпактары катары эмес, саясый исламдын жандуу куралдары катары тарбия-таалим алышууда. 

Бирок, жакынкы жана алыскы келечекте кыргызстандык жарандардын жашоо мейкиндигин жумшак күч стратегиясын колдонуу аркылуу ээлеп алуу сыяктуу жыландын башын кылтыйткан геосаясый максатты көздөгөн сырткы күчтөр үчүн бул өтө аздык кылат. Аларга бийлик керек. Ошол себептен, алар саясый ислам түрүндөгү бир гана динди тутуу зарылдыгына басым жасаган диний диктатураны орнотуу жолунда бара жатышат. 

Эгер прогрессивдүү коом менен улуттун келечеги үчүн кайдыгер болбосок, анда ашкере динчилдерди Айкөл Манас атабыздан аманат калган мамлекеттин парламентине да, бийликтин башка бутактарына да жакын жолотпой, мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөлдү күчөтүү керек.  

-- Дин саясаттан тышкары экени мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок, ар бир эле шайлоодо бул маселеге кайдыгер каралып келет го?

-- Буга чейин кыргыз коомчулугу БШКны эч мактачу эмес эле. Бирок, диний ишмердик менен алектенген талапкерлерди каттоодон баш тарткандан кийин сергек жана прогрессивдүү ой жүгүрткөн коомчулук БШКны катуу мактап жатышат. Башкаларга кошулуп, мен да БШК диний ишмердик менен алектенген талапкерлерди каттоодон баш тартып, мактоого татыктуу иш кылышты деген объективдүү пикиримди билдиргим келет. Азаматтар! Ашепке диндарларды бийликке жолотпоо – бүгүнкү күндүн эң туура кадамы болууга тийиш.

-- Момун мусулмандарга караганда ашкере динчилдердин кандай кадамдарын айта аласыз?

-- 2021-жылдын күз айларында парламенттик шайлоого аттанган Турсунбай Бакир уулу, Аида Абдракманова сыяктуу ашепке динчил жарандардын кыргыз элинин мекенчил жарандары менен улуттук баалуулуктарына жасаган тарыхый кыянаттыгы, кылмыштары тууралуу айтып, алардын талапкерлигин каттабоо өтүнүчүндө БШКга кайрылып, бирок, тилекке каршы, алардан жооп ала алган эмесмин.

Быйыл БШКга дин таратуучу Турсунбай Бакир уулу (7-шайлоо округу), куудул Борончу Кудайбергенов (29-шайлоо округу) жана Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Гүлнара Эркинбаева (9-шайлоо округу) сыяктуу талапкерлердин динге көшөгөлөнүп алып, кыргыз элин азыр хит да, ит да болуп жаткан Екатерина Биволдон ашып түшүп шылдыңдаган антиконституциялык жана мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу кайрылуу жөнөткөм. 

-- Жооп барбы?

-- Азырынча мага башкы прокуратурадан куудул Борончу Кудайбергенов боюнча ИИМге териштирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгени тууралуу жооп келди. Берки эки талапкердин иштери да мамлекеттик деңгээлде териштирилет деп ишеним артып туралы... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер