Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Акматова, профессор: “Кыргызстандын тарыхындагы баардык көйгөйлөрдүн булагы – жазасыз калуу!”

Венера Акматова, профессор: “Кыргызстандын тарыхындагы баардык көйгөйлөрдүн булагы – жазасыз калуу!”

03-июль, 10:02
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бизде укук коргоо, сот органдарынын мыйзамсыз иштери, чыгарган ар кандай чечимдери үчүн баа берилеби? Ушул өңүттөн ой калчасак?..

-- Биринчиден, эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы баардык көйгөйлөрдүн булагы – жазасыз калуу! Жасаган мыйзамсыз иштери үчүн жоопкерчиликке тартылбай кала берүү – баардык мыйзамсыздыктын себепкери. Соттордун адилетсиздиги, саясый-экономикалык коррупция, төмөнкү жана ортоңку катмардагы мамлекеттик кызматкерлердин шалаакылыгы, өз ишин мыкты аткара албаган компетентсиздиги да мына ушуга келип такалат. Анткени өлкөдөгү социалдык, укуктук көйгөйлөргө нааразы болгон элдик толкундоолордон улам бийликтин эң жогорку эшелону алмашканы менен калгандары эч бир жапа чегишкен жок. Мыйзамга каршы чечим кабыл алганы үчүн бир да сот же тергөөчү айыпка жыгылган эмес. Өлкөбүздөгү баардык акыйкатсыздыктын, карама-каршылыктардын, ызы-чуулардын түпкү себеби ушул жакта жатат. Бир баскан жерди он басып, кетирген каталарды кайра-кайра кайталообуздун себеби да мына ушунда. Тарых жыйынтык чыгарып турууну сүйөт. Биринчи кадамдын жыйынтыгын чыгаруу менен экинчи кадамды шилтегенде гана жеңил, ыкчам кетүүгө болот. Биздин өлкөбүздө бир нече төңкөрүш болуп, бийлик алмашканы менен так кесе укуктук, абийирдик жыйынтык чыккан жок. Мамлекеттик масштабдагы кризисти жараткандар жазасыз калышып, тескерисинче, Жогорку Кеңешке депутат болушуп, бийликке келип алышууда. Ошондуктан мурунку көйгөйлөр жоголмок турсун, улам илээшип, чиркешип жаңы көйгөйлөргө себепчи болууда. Кан жаңырмайынча, кантип жаңы жашоо уланмак эле?!

Ириде саясат да, экономика да ырааттуулукту, тактыкты, ачыктыкты каалайт. Бизде, тилекке каршы, канча бир эксперттер, кесипкөйлөрдүн баш мээсин эзип иликтей турган маселелер боюнча ыкчам, терең ойлонулбаган кескин чечимдер кабыл алынып кетет. Бул коомубуздун маалыматка ээ, ой жүгүртө ала турган, жигердүү, кайдыгер эмес катмарынын айрым өкүлдөрүн түйшөлтүп, суроолорду жаратат. Эгер жарандар арасында кандайдыр бир суроолор жаралса, аны дароо эле бийликке коркунуч, каршылык көрсөтүү катары кабыл албастан, бийлик өкүлдөрү өз учурунда так, даана, ачык маалымат берүүгө милдеттүү. Бийлик кабыл алган чечимдерине объективдүү түрдө ынандырууга аракет жасашы керек. Анан калса, маалымат технологиялары күчөгөн азыркы мезгилде кандайдыр бир маселени жаап-жашырууга же бурмалоого дээрлик мүмкүн эмес. Маселенин өңүтүн элге туура эмес жеткирүү көп суроолорду жана нааразычылыкты жаратат. Ошондуктан бийлик өзүнүн кабыл ала турган чечимдери тууралуу ачык-айкын, ишенимдүү аргументтер менен далилдеп бериши зарыл.

-- Мисалы, “кемпирабадчы” саясатчылардын ишин алалы...

-- Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандарга коюлган айып ачык угузулган жок. Дегеле “күнөөлөрү” жагынан алсак, алар эки жыл мурун кармалган учурда эле күдүк жараткан. Мендеги маалыматтар боюнча алардын эч кимиси бийликти кулатуу, кандайдыр бир төңкөрүш, элди дүрбөтүү тууралуу ойлору жок болчу. Эң башкысы, бийликтен аргументтүү түшүндүрүп берүүнү, так маалыматты талап кылышкан. Бийликтин тиги же бул чечими боюнча ар бир жарандын маалымат суроого конституциялык укугу бар. Бийлик күчкө салып, аларды камап жибербестен, диалог жолун тандап алса, өлкөнүн саясый аброю үчүн пайдалуу болмок. Камоого чейин деле мыйзамда жазылган «тартипке чакыруунун, эскертүүнүн» ар кандай формалары бар. Азыр эми «негизсиз камап, айыптары так угузулбай, күтүүсүз жерден сот актап жиберди» деген процесс ишке ашып калды. Бул көрүнүш мыйзамдык нигилизмге жол ачат. Анткени мыйзам бузулду, мыйзам так сакталган жок, демек, дагы деле мыйзамды буза берсе болот экен (!) деген кыйратуучу прецедент жаралып калды жана бул улам-улам кайталанып келе жатат. Эгер биз өлкөбүздүн ар тараптан өнүгүшүн кааласак, бийликтин эң жогорку эшелонундагы адамдардан тартып, баардыгы мыйзамга баш ийип, так сактоого үйрөнүшү керек. Себеби, мыйзам – бул жашоо турмушубуздун эрежелери, дагы жөнөкөйлөтүп айтсак, «оюн эрежелери». Оюнда деле эрежелер бузулса чыр чыгат эмеспи.

-- Коомчулукта бийликке карата каршылык көрсөтүү калыптанып калгандай...

-- Көз караштардын, пикирлердин келишпестиги, карама-каршылыгы – бул табияттын мыйзамы. Табиятты деле кубулуштар менен көрүнүштөрдүн симбиозу түзөт. Тактап айтсак, адамдын турмушу таптакыр келишпеген карама-каршылыктардын биримдигинен турат. Мунун өзү кыйратуучу эмес, тескерисинче, өнүгүүнүн негизи болот. Карама-каршылыктардын күрөшү өнүгүүгө түрткүстимул, мотивация берет, себепкер болот. Тилекке каршы, бизде совет мезгилиндеги «эгер менин оюма кошулбасаң, сен мага душмансың» позициясы дагы деле сакталып калууда. Бул советтик системада калыптанган адамдардын канына сиңип калган. Ошондуктан конструктивдүү сынга карата мамилени так кесе өзгөртпөсөк болбойт. Ар бир оппозициялык күчтөр бийликке умтулат, анткени анын «мамлекетти ушинтип өнүктүрөм» деген өз көз карашы бар, же болушу керек. Бул аракеттеги бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына туура келбеши мүмкүн. Бирок мындан трагедия жаратуунун, өлкөнү кыйратуучу күч катары камапкуугунтуктоонун эч кереги жок. Тескерисинче, бийлик өзүнүн ишин кынтыксыз аткарып, элге жагууну көздөш керек. Эгер шайлоо адилет өтсө, эл өзү тандап алат. Мына ошондуктан шайлоонун адилеттиги мамлекет үчүн абдан маанилүү. Кандайдыр бир оппозициялык күчтөр жандана баштаса, алардан коркунучту көрбөстөн, тескерисинче, жигерденте турган мотивация катары кабыл алууга өтмөйүнчө, «таш ала чуркаган» психологиядан арыла албайбыз. Кемпирабадчылардын арасында мурунку-кийинки муундагы өлкөнүн саясый өнүгүшүнө жигердүү катышып жүргөн саястчылар, укук коргоочулар бар. Алардын алдыдагы саясый аракеттери кандай болот? Натыйжада, жеке тандоосуна жана элдин колдоосуна жараша болот. Кандай болгон күндө да алардын аракеттеринен мамлекет жапа чекпейт, тескерисинче, саясый айдың чыңдалат. Мындан коркпош керек, себеби жигердүү жерден гана такшалган, жаш, жаңы саясатчылар өсүп чыгат. Мындай жаштар өлкөгө өтө керек. Мен баардык тараптардын түпкү мүдөөсү – өлкөбүзгө жакшылык гана каалайт деп ишенгим келет!

Акырында айтарым“кемпирабадчылар, дегеле камалган жарандардын баардыгы негизсиз отурганы далилденип, сот тарабынан акталса, анда мамлекеттен материалдык, моралдык чыгымдарынын ордун толтуруу максатында кенемте өндүрүп алууга мыйзам тарабынан укуктуу. Анда жалган айып таккан тергөөчү, соттор жазаланышы керек болот. Эгер соттук териштирүүлөрдүн убарагерчилигинен качпай, «акталып кеттим, болду, ушуга Кудайга шүгүр» деп чектелип калышпай, түрмөдө өткөн өмүрүн сыйлашса, доо арызын жазышса, аягына чейин жеткиргенге аракет жасашса, өлкөнүн укуктук мамлекет экенин далидеген мыкты көрүнүш болот эле. Сот бийлигине, жалпы элге чоң сабак катары каралмак, бирок... Азыр күтө туралы, анткени сот чечими күчүнө кире элек, анан калса 20 жыл сураган прокуратура кайрадан доо арызын жазышы да мүмкүн…  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер