Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөт курулуш материалдарынын кымбатташына эч кандай чара көрө албайт, алсыз”

“Өкмөт курулуш материалдарынын кымбатташына эч кандай чара көрө албайт, алсыз”

14-февраль, 19:00
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бир жылдан бери курулуш материалдарынын кымбаттаганына күбөбүз. Өкмөт баалардын өскөнүнө көзөмөл кыла алган жок. Жеңилдетилген кандай жолдорун тапсак болот? Сунуштар барбы?” деген суроо узаттык.

Эрлан Жамгырчиев, жеке ишкер:

-- Бизге курулуш материалдары Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келет. Пандемия жаңы башталганда, ошол кездеги өкмөтүбүз Кытайдан келчү товарларга чек ара, бажыдан өтүү процедураларга дезинфекция сыяктуу нерселер менен татаалдаштырышкан. Бир жылга жетпей товарларга болгон таңкыстыкты ар бир жаран көрдү. Калган коңшулар менен чек аралар жабылды. Сунуш катары айта турган болсом, баардык чек ара, бажы кызматтарындагы текшерүүлөр жеңилдетилип, бажы төлөмдөрү 3-6 айдан кийин, соодагерлер товарын саткандан соң төлөнө баштаса, рынокто курулуш материалдары көбөйөт эле жана чет элден келүүсүнө таңкыстык азаймак. Ошону менен катар баалары бир аз да болсо түшмөк.  

Эркинбек Мергенбаев, курулуш эксперти:

-- Кайсы гана мамлекетти албайлы, курулуш тармагы эң маанилүү тармак катары белгилүү. “Кудай жерди жаратса, андагы кооздукту курулуш жаратат” деген лакап кеп бар. Анын сыңарындай, кайсы учур болбосун, бул көйгөй болуп келген. Албетте, акыркы учурда курулуш материалдарынын күн санап кымбатташына биздин өкмөт эч бир чара көрө албайт, алсыз. Бир гана жолун көрүп турам, эң ириде чет мамлекеттен экспорт аркылуу келе турган жагдайды кескин кыскартуу керек, болбоду дегенде куруучу материалдардын басымдуу бөлүгүн өзүбүз чыгарсак болот. Заманбап заводдорду курсак, анда 25-30 пайыз курулуш материалдары арзандайт. Ошол эле кыш, битум, ар кыл боёктор жана жыгачтар. Эски технология менен бир куб кирпичке эки тоннага жакын топурак керек болсо, биздин жаратылыш ресурстарыбызды пайдаланып, заманбап технологиянын жардамы менен бир куб кирпичке 200-300 килограмм гана чийки зат кетирсек болот. Бул демек, баасы да он эсеге арзандайт дегенди билдирет. Мен калган жактарына токтолбой эле коёюн. Болгону өндүрүштү гана туура жолго салсак, бизде курулуш материалдары карапайым эл үчүн ынанымдуу баада болмок.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Эгемендик алган жылдан тарта бизде курулуш материалдардын басымдуу бөлүгү сырттан, чет мамлекеттен келип калбадыбы. Анын ичинен Россия темир-тезек, жыгач-таш ж.б. калгандарын айтпай тек коёюн, баары ошол жактан жиберилип турат. Өзүбүздө андай нерселер болбогондуктан, орустар билген “намазын” окуп келишет. Кааласа арзан, кааласа баасы асмандын башы кылып. Мындай нерсе бүгүнкү күндө күч алууда. Анүстүнө Россия президенти биздин мамлекетке далысын салып, бу жагынан абал оор. Өкмөтүбүз да аны билип, сезип турат. Ооба, бир жыл ичинде Россиядан келип аткан курулуш материалдары 100-150 пайызга кымбаттады. Азыр карапайым эл үй курмак тургай туалет сала албай калды. Россиянын жыгач-ташы мурун кубу 100 АКШ доллары болсо, азыр 300 доллардан кеми жок. Арматура ж.б. темир-тезек бир жыл мурун килограммы 60 сом болсо, азыр 250-300 сомду чапчыды. Мындай кезеңде биздин мамлекет альтернативалык жолдорун изденүү керек. Же антимонополия кызматы бааларды көзөмөлдөп турсун, башка жол жок.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер