Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил ТУРДУКУЛОВ: “Сегизбаев менен Жолдубаева камакка алынса, президент Жээнбековдун аброю өсмөк”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Сегизбаев менен Жолдубаева камакка алынса, президент Жээнбековдун аброю өсмөк”

14-октябрь, 14:10
1 594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Кой-Таштагы окуяны иликтөөгө алган мамлекеттик комиссияга жергиликтүү тургундардын ишенбестиги, нааразы болгону айтылууда. Комиссиядан калыстыкты, адилеттүүлүктү күтсөк болобу? Же бийликчил топ болуп, өч алуунун үлгүсүн көрсөтүшөбү?

-- Кой-Таш, Арашандын тургундары гана эмес, укук, мыйзам деген түшүнүгү бар жарандарыбыздын мамлекеттик комиссиянын ишине шектүү ою жаралып жатканы түшүнүктүү да. Бийлик бул комиссияны түзүүнүн максаты – экс-президентин үйүнө мыйзамсыз чабуулду, ошону менен коштолгон көптөгөн процессуалдык одоно мыйзам бузуу болгон окуяларды көз жаздымында калтырып, элдин көңүлүн башка нукка буруу болуп жатат. Буга мисал: азыркыга чейин экс-президенттин үйүнө болгон мыйзамсыз чабуулга эмне үчүн УКМКнын атайын кызматы тартылганы түшүнүксүз. “Батукаевди мыйзамсыз чыгарып кетти” деп Атамбаевге күнөө коюлган факты боюнча эмне үчүн УКМК эмес, ИИМ кылмыш ишин козгоп, иликтеп жатканы да жоопсуз калууда. Ошондуктан комиссия түзүүнүн башкы максаты – менин оюмча, Кой-Таштагы мыйзамсыз окуяны саясый жагынан легалдаштыруу, “мыйзамдаштыруу” аракети болуп жатат. 

А чынында Жогорку Кеңеш башында демилге көтөрүп, парламенттик комиссия түзүш керек болчу. Анткени Башмыйзамыбызда парламентте гана аткаруу бийлик үстүнөн, ошону менен кошо күч органдарга карата да көзөмөлдөөчү укуктары жазылган. Ал эми азыркы комиссиянын төрагалыгында өзү күч структуралардын башында болгон Жеңиш Разаков турат. Кой-Таштагы окуяны иликтөөдө акыйкат чечимге барарына ишенбейм. Ал өзүнүн кол астында иштеген күч органдарына, башчыларына карата эч убакта калыс баа бере албайт. Алардын каталарын жаап-жашырганга аракет кылат. Анткени мыйзам бузуулар аныкталып чыкса, вице-премьер Разаковдун өзүнүн жоопкерчилиги да каралышы керек болуп калат.  

-- Бул комиссияга оппозициялык маанайдагы саясатчылар кошулса ишеним болот беле?

-- Атамбаевди түрмөгө отургузгандан кийин мен азыр башка оппозицияны көрбөй турам. Анткени азыркы күчтөр мөөнөтсүз парламенттик шайлоону күтүп жатышат. Башка саясатчылардын болсо кызмат алуу үчүн соодалашуу ниеттери да өчө элек. Бирок бул көпкө созулбайт, анткени эки жылдан ашык элибиз бийликтен реформаларды күтүп жаткан, бирок андай болбогондуктан нааразычылык өсө берет. Бул нерсенин баары шайлоо убагында ачыкка чыга баштайт. Анткени, мурун бийликчил болуп көрүнгөн саясатчылар элге жаккан, бирок бийликке жакпаган сөз, ураандарды айтууга мажбур болушат. Ал эми азыркы комиссиянын курамына “коомдун” атынан киргендердин бири бийликтин “агенти” болсо, экинчиси Атамбаевден өч алуу ниети бар, үчүнчүсү болсо бир кызматка илинип калуу максаттары бар адамдар кошулган. Алар адилет сөзүн айта албаганы түшүнүктүү да.  

-- Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын “кыңыр иштерин” көтөрүп, башкы прокуратурага арыз менен кайрылдың эле. Деги булардын күнөөлөрү ташка тамга баскандай аныкпы? Башкы прокуратура кайдыгер карап койдубу, же башка да себептери барбы?

-- УКМК жана башкы прокуратура саясый куугунтуктун ордосу жана сөз эркиндигин муунткан башкы орган болгону так ошол Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаевага байланыштуу болгон. Туура, аларга карата азыркы бийликтин көз жумду саясаты жүргүзүлүп жатат. Сөзсүз түрдө экөө тең мыйзам нугунда соттолуп, камакка алынышы керек. Ошону менен президент Сооронбой Жээнбековдун аброю да өсмөк. “Коррупция менен күрөш тандалма жүрбөйт” деген убадасына да эл ишенмек. Азыркы бийлик муну көрмөксөнгө салып жатканы – алардын көшөгөнүн артында бийлик менен кандайдыр бир тымызын макулдашуу бар экени, же Сегизбаев менен Жолдубаеванын азыркы бийликке катылган компроматы бар (!) деген ойго түртөт.

-- Учурда Алмазбек Атамбаевдин акыбалы кандай болуудаБийликке карата оппозициялык маанайдагы күрөшүн күчөтөбү? 

-- Атамбаев менен жолукканга (чектелген убакытка) адвокатка жана анын жакын туугандарына гана мүмкүнчүлүк берилген. Алардын сөзү боюнча Атамбаевдин духу күчтүү. Мен буга ишенем, анткени Атамбаев үчүн өзүнүн акыбалы эмес, мекендин келечеги, тарыхта анын аты кандай жазылары алда канча маанилүү. Буга сөзсүз түрдө негиз бар. Атамбаев – өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылды, куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп, тышкы саясатта алыс-жакынкы өлкөлөрдү биздин мамлекеттин ою менен эсептешкенге мажбур кылды. Ички саясатта болсо атаандаштыктын негизинде парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүп, өзү убадалагандай Башмыйзамды өзгөртүү менен өз мөөнөтүн узартканга аракет жасаган жок. Бул биздин мамлекеттин, керек болсо Борбор Азия аймагындагы демократиянын өнүгүшүнө чоң кадам салуу болуп эсептелет. Атамбаевдин мындай аракеттерине азыр болбосо дагы келечектеги муун, тарых өзүнүн адилет баасын берет.

Мен башында эле оппозицияны күчөтүү үчүн КСДПга кайра кайтып келгенимди айтып келгем. Анткени, күчтүү оппозиция болушу демократиянын кепилдиги боло алат, жаңы келген бийлик авторитаризмге таптакыр ооп кетпешине тоскоолдук жаратат. Азыркы учурда да оппозициялык кыймыл жаралышына КСДП негизги түрткөн күч болоруна ишенем жана бул нукта аракет жасай берем.

-- КСДПнын парламенттик шайлоого барууга мүмкүнчүлүктөрү кандай? 

-- КСДП жана Атамбаевдин санаалаштары үчүн эн башкы приоритет – биздин партиялаштарды жана “Элдик штабдын” мүчөлөрүн абактан чыгаруу. Андай болбосо аларга карата “саясый туткун” деген түшүнүк күчөй берет. Ал эми шайлоо бул саясый процесстин бир гана баскычы, тепкичи. Бирок, эгерде бийликтин “шайлоонун жыйынтыгын ички жана тышкы күчтөр таанысын” деген планы болсо, сөзсүз түрдө рейдерлик кадамдарды токтотуп, КСДПны шайлоо марасына жеткириш керек. Ошондо бийликке жана опппозициянын, Атамбаевдин тарапташтарына карата элдин чыныгы көз карашын, колдоосун биле алабыз.


Асланбек САРТБАЕВ
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер