Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Киевдин айрым райондоруна сокку урулуп жатат

Киевдин айрым райондоруна сокку урулуп жатат

02-март, 12:12
446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын куралдуу күчтөрү Киевдин Русановка, Вишнёвое, Куреневка, Боярка жана Жуляны аймактарына абадан сокку уруп жатат. Бул тууралуу Украинанын атайын байланыш жана маалыматы коргоо боюнча мамлекеттик кызматы түн жарымын утурлай “Телеграм” аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Киев облусундагы Белая Церковь шаарында да катуу жарылуунун добушу угулуп жатат. Мындан тышкары, Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков шаарында, өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарында жана Киевдин батышындагы Житомир шаарында да орус күчтөрүнүн чабуулу уланып жатканы кабарланууда.

1-мартта күндүз орус армиясы Киевдеги телемунарага сокку урган. Андан кеминде беш жайкын тургун каза тапканы белгилүү болду.

28-февралда жана 1-мартта Россиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер