Эльвира Сурабалдиева: “Тынч жандүйнөм менен жумуштан кетем”
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетүү тууралуу пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында жазып калтырды:
“Колдоо көрсөткөн жана жардам бергендердин баарына, ошондой эле жумушумду сындап, ал үчүн тынсыздангандарга да ыраазычылык билдирем! Жогорку кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен бирге чоң стрессти алып жүрөт. Оор мезгилде келдим. Убактылуу экендигин билгем. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Буга нааразы эмесмин. Кечээ күнкү документ иштерин бүтүрүп, тынч жандүйнөм менен жумуштан кетем.
Коронавирус боюнча жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабын саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берем. 2021-жылдын 4-февралында вице-премьер-министр болгонума 100 күн болот. Отчётумду берем” деп жазып калтырган Эльвира Сурабалдиева.