Жерүйдүн 20 пайыз үлүшү Атамбаевдин же Бабановдун капчыгындабы?
Жаңы ишин баштаган Жерүйдөгү Россиянын “Альянс Алтын” компаниясын мурунку президент Алмазбек Атамбаев башында турган бийлик төбөлдөрү “аукциондон утуп алды” дедиртип, болгону 100 миллион АКШ долларына кармата бергени ушу тапта ызы-чууну жаратып жаткан кези. “Альянс Алтын” компаниясынын 20 пайыз үлүшү биздин чиновниктердин чөнтөгүндө беле? Бизге жеткен маалыматтар ойго батырат. Себеби, “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчиси Муса Бажаевде 40% үлүш, ал эми анын акционердик шериги, маркум Алижан Ибрагимовдун (Граф) 40% үлүшү болсо, мына ушуну ал казакстандык “Визор” компаниясына карызы үчүн төлөп бергени ачыкталабы? Ал эми ортодогу 20% кимге тийешелүү экени ушул күнгө чейин табышмак. Ал ортодо Жерүй алтын кенинин 20% үлүшү Алмазбек Атамбаевдин же Өмүрбек Бабановдун капчыктарында эмеспи? Акыры имиш сөздөр чын чыкпайбы? Мына ушундай шектүү ишти Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тыкыр иликтеп, элге ачыктайбы?..
"Азия Ньюс" гезити