Дүйшөнбек Камчыбеков: “Геология тармагында мыкты адистерди сактап калуу өтө оор болууда”


Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек аксакал кезектеги маегинде көндүмгө айланган көйгөйлөр туурасында кеп салды.
-- Кыргыз геология тармагына бөлүнгөн каражаттын аздыгынан мыкты адистер жеке менчик компанияларга кетишип, кенди изилдөө, чалгындоо, бул боюнча келечекке кам көрүү иштери жылдан жылга оорлошуп бара жаткан чоң маселе экен. Ушул тууралуу өз оозуңуздан уксак?
-- Бүгүн биз Кыргызстандагы геология тармагы, анын ичинде "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк токтолуп кетсек. Бул ишкана мамлекеттик болуп түзүлгөнгө чейин структурасында Түндүк кыргызстандык экспедиция, Түштүк геологиялык экспедиция, Методикалык экспедиция, Гидрогеологиялык экспедиция, Геофизикалык экспедиция жана борбордук лаборатория, өзүбүздүн геологиянын шаймандарын оңдогон эксперименталдык заводубуз да болгон. Булар бюджеттен бөлүнгөн акчанын негизинде геологиялык пландарды түзүп, түндүк жана түштүк аймактар боюнча иштерди пландоо үчүн колдонулуп келген.
Акыркы мезгилде бул тармакка мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мурда мындай болгон эмес. Бул абдан чоң сумма болуп эсептелет. Аталган каражат тийешелүү тапшырма менен бөлүнгөн. Кыргызстанда жайгашкан сейрек кездешүүчү металлдарды, жарым металлдарды изилдөө, чалгындоо иштерине жумшалуусу каралган да. Бөлүнгөн акчанын 700 миллион сомунан ашыгы геологиялык шаймандарды жана техникаларды сатып алууга жумшалды. Бул туура чечим, себеби, заманбап жабдууларсыз сапаттуу иштерди аткаруу мүмкүн эмес. Калган каражаттар алдыдагы жылдарда геологиялык чалгындоо иштерине сарпталат. Мындан сырткары, түздөн-түз жогоруда мен белгилеген экспедициялардын баары кошулган.
"Кыргызгеология" ишканасында 250дөн ашык адис иштейт. Бирок аларга бөлүнгөн каражат абдан аз. Мисалы, 2016-жылы бул тармакка 41 миллион сом бөлүнсө, кийинки жылдары ал 22 миллион сомго чейин азайган. Ал каражат да толук төлөнбөй, 15-16 миллион сомго чейин төмөндөп жатат. Бул адистердин айлыгына да, алардын ишмердүүлүгүнө да жетишсиз. Алар Кыргызстанда жайгашкан кендердин түрлөрүнө жараша корлорун көбөйтүп, келечекке жаңы мүмкүнчүлүк түзгөнгө жол ачышат. Андан сырткары, критикалык металлдар, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды изилдеп, алардын корлорун аныктап, келечекке мүмкүн болгон шарттарды түзгөндөй жумуш аткаруулары зарыл.
Акыркы кезде бул тармакка бөлүнүп жаткан каражаттын суммасы 15-16 миллион сом болуп жаткан соң, 250дөн ашык адистерди иштетүү өтө оорчулук жаратууда. Геологдордун айлык маянасы 30-35 миң сомду түзөт. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам алар бир жылда болгону 3-5 ай иштеп, калган убакта толук маяна албай калышат. Акыркы жылдары мамлекеттик заказ менен түзүлгөн 25 долбоор болсо, ошол долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын суммасы 480 миллион сом. Ар бир долбоордун аткарган жумушу беш жылга чегерилет. Ошол шартта бөлүнгөн каражат да толук берилбей, анын кесепетинен геологдордун жумушунда көйгөйлөр бар. Биринчиден, толук кандуу жума бою, же жыл бою иштеше албайт, же толук кандуу айлык ала алышпайт. Ошол себептүү мыкты адистер жеке менчик компанияларга өтүп кетишүүдө. Жаш кадрлар келбей калышты. Алар да бул тармакта айлык акы толук төлөнбөшүн билишет.
-- Акыбал оорлошуп бараткан экен. Башчылардын көрбөгөнү, укпаганы таңгалычтуу...
-- Мамлекеттик ишкананын жетекчилиги муну чечкенге аракет кылып, тийешелүү органдарга кайрылып жатышат, бирок маселе толук кандуу чечилбей келет. Бул жол менен кете берсек, кадрларды толук жоготобуз. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги байкалып, адистер жеке менчик компанияларга өтүшүп, мамлекеттик ишканаларда патриоттук сезими күчтүү гана кызматкерлер калышты. Биз толук көлөмдө иштебесек деле, “иштеп туралы” деген мекенчил адистерди да сактап калышыбыз керек. Ошон үчүн бөлүнгөн каражаттарды туура сарптап берүү зарыл. Ал каражатты түздөн-түз иштеп жаткан кадрларга айлык маяна катары чегерип, жылды толук иштей турган кылып шарт түзүп бербесек, маселе оорлошуп баратат. Экинчиден, дагы бир көйгөйлүү маселе – заказ менен жумуштарды аткарууда бюджеттен бөлүнгөн аз көлөмдөгү каражатты иштетүү үчүн сөзсүз түрдө тендер уюштурулушу абзел. Тендер уюштуруу иштери жүргөнчө үч айдан алты айга чейин убакыт өтүп кетет экен. Геологдордун жумушунда жазга чейин даярданып, жаз келгенде тоо талаага чыгып чалгындоо иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Бул түздөн-түз “мамлекеттин заказы менен кен байлыктардын түрлөрүн запас кылалы, корлорун көбөйтөлү, керектүү кендин түрлөрүн табалы” деген жумуштар болгон соң, мыйзамга тийешелүү тендерди геологдорго тийешеси жок кылып алып салса да түзүк болмок.
-- Тоо-кен, геология тармагы экономикабыз үчүн өтө чоң салым кошуп келет. Бирок бул тармакка жасалган салкын мамиле айрым учурда нааразычылык жаратарын айтып келесиз го?..
-- Учурдан пайдаланып дагы бир айта кетчү жагдай, жакынкы күндөрү Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көп адамдарга юбилейлик медалдар тапшырылды. Тилекке каршы, ошолордун ичинде тоо-кен, геология тармагында иштеген бир дагы адамдын аты аталган жок. Себеби, учурунда согушка катышып келип, геологияны түптөп, отуз жыл жетекчиликте иштеген адамыбыз бар эле. Андан сырткары, ачылыш жасаган геолог академигибиз, Кыргызстанда көмүр тармагын көтөрүп, мамлекеттик кызмат менен кошо алтымыш жыл бул тармакка эмгеги сиңген адамдарыбыз да бар болчу. Тоо-кен, геология тармагында иштеген адамдардын сыйлыкка татыбаганы – аларга жасалган салкын мамилеби, балким, билбестикпи (?) деп калдым...
"Азия Ньюс" гезити










