Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19: Россияда бир күндө 1100дөн ашуун адам көз жумду

COVID-19: Россияда бир күндө 1100дөн ашуун адам көз жумду

01-ноябрь, 17:03
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда соңку бир сутка ичинде 1158 бейтап COVID-19дан көз жумду. Бул бир күн мурдагы көрсөткүчтөн болгону үч кишиге гана азыраак.

Россиянын коронавируска каршы күрөшүү штабы 1-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде дагы 40 миң 402 кишиден коронавирус аныкталды. Өлкөдө соңку үч күндөн бери вирусту жугузуп алгандардын саны 40 миңден ашып жатат. Ушул тапта Россияда 932 миң киши коронавирустан дарыланууда.

146 миллиондой калкы бар Россияда пандемия башталгандан бери кеминде 8,5 миллион киши өпкөнү сезгентүүчү бул вирусту жугузуп алды. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө 240 миңдей адам COVID-19дан кайтыш болду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер