Апам өзүнөн жаш бала менен сүйлөшүп жүргөнү санаага салууда


21 жаштамын. Апам экөөбүз бир нече жыл Москвада иштедик, атам, эжем, иним, сиңдим Кыргызстанда калган. Бир жолу апамдын телефондон жашыраак бала менен сүйлөшүп жатканын көрүп, катуу урушуп кеттим. “Атам бар, чоң кызың турмушка чыкканы турат, бул эмне?” десем, “жөн эле сүйлөшөм” деп койгон. Кийин баарын өчүрүп, бул тууралуу эч кимге айткан жокмун, “үй-бүлө бузулбасын” дедим.
Бир жылдан кийин мен депортация болуп, Кыргызстанга келдим, дүкөндө иштейм. Апам болсо дагы деле Москвада. Жакында эле келип кетти. Жанында эки сумка дары-дармек, косметика, арыктатуучу таблеткалар, кызыктай витаминдер бар. Мурда андайларга көңүл бурчу эмес. Эми ойлонуп жатам, апам чындап эле өзгөрдүбү? Же бирөөгө алданып жүрөбү? Атам да бир нерседен шек санап калгандай. Телефонун колуна бербейт, кайра Москвага кетүүгө камданып жатат. Эмне кылам? Кантип апамды токтотом? Ушундай жүрүштө экөө ажырашып кетсечи? Корком. Эжем экөөбүз чоңойдук, бирок сиңдим менен иним кичинекей да…
Айзирек
"Азия Ньюс" гезити











