Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нукура акындын нускасы

Нукура акындын нускасы

28-июнь, 13:27
885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы гезиттин №23 (452) санында)

Жолдошбек Зарлыкбековдун акындык табигый шык-жөндөмү чукуранып эрте ойгонуп, бала кезинен эле ыр жаза баштаган экен. Ал ошол тубаса талантын багып, чыгармачылыктын түйшүктүү, машакаттуу жолуна эрте эле аттаныптыр. Акын өспүрүм кезиндеги үйрөнчүк, телчигүү мезгилин басып өтүп, жоокер болуп аскерде кызмат кылып, андан кийин тер төгүп, шопур болуп иштеп, кагылып-согулуп, ысык-суукту көрүп, сексенинчи жылдары университетте окуп, түнкүсүн иштеп, турмуштук тажрыйба топтоп, инсан катары да, интеллектуалдык жактан да жетилип, акын катары да өсүп, баралына келип калган. Бирок ошол калыптануу, жетилүү процесси оңойго турбаганы белгилүү. Байрон “начал сочинять песню и бросил её в огонь” (Дж.Байрон “Дневники. Письма” М., 1965, стр.52) деп күндөлүгүнө жазгандай, Ж.Зарлыкбеков да далай ырларын отко ыргытып, далай ирет олку-солку болуп, жандүйнөсүндө кармаш жүрүп, күмөн санап, кыйналып, чыгармачылык процесстин азаптуу, кыйчалыш жолдорун басып өтүп, изденүүнүн оор сыноолорун башынан өткөргөн. Ал өзүнүн чыгармачылыгына катаал карап, өзүнө катуу талап, алдына бийик максат коюп, калеми төшөлө элек, үйрөнчүк жылдарындагы көркөмдүгү көк канат ырларын дээрлик жарыялаган эмес. Курбалдаш калемдештерине окшоп ырларын жазганын жазгандай басмадан чыгарганга ашыккан жок. Бирок окурмандар аны сейрек жарыялаган ырлары аркылуу аз жазса да саз жазган таланттуу автор катары билише турган. Жазган ырларын ийлеп, өзүнө өзү ыраазы болбой, тынбай изденип, А.Рембо, Р.М.Рильке, А.Блок, С.Есенин, Н.Хикмет, П.Неруда, А.Вознесенский, Н.Рубцов сыяктуу ар башка агымдардагы акындарды көп окуп, дүйнөлүк адабиятты, философиялык-эстетикалык ой-пикирди системалуу өздөштүргөнгө умтулуп, руханий дөөлөттөрдү өзүнө сиңиргенге аракет кылып, ырларын кайра-кайра оңдоп, тыным албай иштей берүү анын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш болгон. Анын ырларынын телегейин тегиз кылып, ийине жеткире иштеп чыгууга болгон аракети С.Цвейгдин Э.Верхарн тууралуу жазганын эске салат: “А самой любимой частью работы была окончательная шлифовка. Он ревностно ковал и перековывал строки своих стихов, в его корректурной правке отражается вся неукротимость воли Верхарна к совершенству”(С.Цвейг Собр.соч. в семи томах 7 т. М., 1963, стр.268). Салижан Жигитов атактуу “Элегия” аттуу ырын он жыл жазган, улам жаңы вариантын иштеп, жанын сабап, узанып отуруп, маанисине шааниси төп келген, классикага айланган ыр кызылдай мээнет менен жаралган экен. Анын сыңарындай, Жолдошбек Зарлыкбеков да ырларын баса отуруп иштеп, тынбай изденип, ар бир сөзгө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, чыгармачылыгында өзүн табуунун жолун издеген. Ошон үчүн Ж.Зарлыкбековдун жаш кездеги ырлары да төрт тарабы төп келген, чеберчилик менен жазылган ырлар. 1984-жылы 23-августта “Кыргызстан маданиятына” чыккан Жолдошбек Зарлыкбековдун “Кара-Кужур” аттуу ырын окуп көрөлү:

Асмандын бир тарабы жайдак калып,

Чаалыккан булуттардын кербендери.

Августтун күнү үргүлөп салмактанып, 

Шылкыят боз адырдын эрмендери. 


Суу гана күмүш үнүн жашыралбай, 

Аркайган арык жонун каржактатып.

Сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,

Тынымсыз өзүн-өзү жатат ташып.


Бериде, жайсаңдардын этегинде,

Жол жатат шагыл басып бүт денесин.

Бу жолдо издер калып кечээгиден,

Бу жолдо кетет тагдыр издеп өзүн.


Айдөштү өрдөп кеткен чыйыр жолдо,

Ат барат көнүп бүткөн ак бозүйгө.

Кыраңда ак жоолукчан апам калат, 

Муңайым сагыныч бар көздөрүндө.


Жанында кичүү иним жаңы баскан,

Быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.

Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,

Өмүрдөй узун-кыска аралыкты.


Автобус узап кетти,

Чоң калаадан 

кат жазам “...аман жеттим, силер кандай?..”

Ортодо булут ташып тынчсыз асман,

Ортодо суулар үнүн жашыралбай.

Бул ырдын бир сөзүн да алмаштырууга, башкача жазууга болбойт, ырдагы чулу поэтикалык дүйнө эстетикалык туюму өскүлөң, табиятты сулуулуктун мыйзамы менен кабылдай алган, көркөм образдар менен ой жүгүрткөн, өзүнүн индивидуалдуу стили калыптанган акындын колунан чыкканын тастыктап турат. Алдыбызда коштошуудан улам пайда болгон кусалык маанай тартуулаган поэтикалык жандуу картина. Тоолор, адырлар, асман, суу, жол кыргыз поэзиясында көп жазылган, пейзаждык сүрөттөр көп тартылган көрүнүш. Бул темада даяр калыптар, кыйналбай эле сабалатып айдата бере турган салыштыруулар, уйкаштар андан да көп. Бирок Жолдошбек Зарлыкбековдун табиятка карата өзүнүн мамилеси бар, индивидуалдуу көркөм ой жүгүртүүсү калыптанган акын катары өзүнө гана таандык поэтикалык дүйнөсүн жараткан. Асман, суу, жол сыяктуу символдордун чиеленишкен ассоциациясынан түзүлгөн метафоралуу образдар зарлыкбековдук стилде тартылган элестүү, психологизмге каныккан пейзаж кыргыз поэзиясы үчүн жаңы көрүнүш. Бул ырында автор поэзиядагы көркөм сүрөттөө каражаттарынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан. Лирикалык каарман тоодо жашаган эне-атасы, бир тууганы, көзгө ысык көрүнгөн, кучагында чоңойгон тоолору менен кош айтышып, чоң калаага жөнөп жатат. Ушундай жагдайда уулун узаткан эненин эмоционалдык абалы “муңайым сагыныч бар көздөрүндө” деп таамай мүнөздөлгөн. Шаарда баласы “кандай күн көрөт, эмне болот?” деп сарсанаа болгон эненин образын автор ушул бир эле сап менен жеткире алган. Акын жараткан поэтикалык дүйнөнүн контексинде эненин образы эч кандай патетикасыз эле ушул таасирдүү бир сап менен таамай ачылган. Ал эми коштошуу деген эмне экенин билбеген бейкапар, баёо дүйнөсү бар наристе иниси “быйтыйган колун булгайт кубанычтуу”. Убайым тарткан эне, куунак көңүл наристе – ушул контрасттуу маанай образдардын таасирдүүлүгүн огобетер күчөткөн. Ошол муңканган лирикалык каармандын жандүйнөсү менен сырткы курчап турган дүйнө жуурулушуп, ырдын образдык системасын гармонияга келтирип турат. Пейзаж жандуу, элестүү, ошону менен бирге психологиялык муңайым маанайды таамай чагылдырган. Муңайым лирикалык каармандын жандүйнөсүндөгү эмоционалдык абал ырда параллелизм ыкмасы менен табият көрүнүшүндө чагылып, чексиз асмандагы булуттар “чаалыгып”, августтун күнү “үргүлөп”, боз адырдын эрмендери “шылкыйып” ырдагы психологизмди тереңдеткен. Психологиялык пейзаж лирикалык каармандын ички сезим-туйгуларын ичкериден терең ачып, аны толуктап турат. Ал эми таштан-ташка урунуп шаркыраган шоокуму алыстан угулган тоо суусу жонун “каржактатып” түбөлүк кыймылын токтотпой агып жатат. Ушул чексиз асман, көк тиреген тоолор, шар аккан суунун кучагында мал менен күн өткөрүп жаткан ата-энеси менен коштошуп, калаага кетип жаткан жаш адамдын муңайым маанайы аркылуу акын:

Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан

өмүрдөй узун-кыска аралыкты, - деп өмүрдүн философиясын жалпылаштырып, синтездеген. Ал эми акыркы сапта ушул эле философиялык мотив тереңдетилип, “чоң калаага” жеткен лирикалык каарман алыскы тоодогу үйүнө кат жазат, ал учурда мезгил өз нугунда айланып:

Ортодо булут ташып тынчсыз асман,

Ортодо суулар үнүн жашыралбай, - деп асмандын, суунун, токтобой өз огунда айланган динамикалуу турмуштун, өмүрдүн, учкул мезгилдин, алыстап, жакындап турган мейкиндиктин метафоралуу образы дүйнө-өмүрдүн бир үзүмүн элестүү чагылдырып, тереңде бугуп жаткан философиясын, лирикалык каармандын жандүйнөсүндөгү сарсанаалуу маанай менен таасирдүү бере алган...

Ушул эле философиялык мотив акындын “Элетте” деген ырында андан ары дагы тереңдетилип, кеңейтилип чагылдырылган: 

Тоо беттен төрү агарган,

Баратат караан арылап,

Жайма-жай өр таянган

Жайды-кыш мингич арык ат...


Шыбырайт ак жаан жайма-жай.

Караанды тиктейм артынан.

Жайды-кыш коюн айдаган

Жашоодон өттү канча жан?


Кырдагы жалгыз бозүйдөн 

Булгалайт жоолук бир караан.

Тоо-тоодон отун өчүрбөй

Турмуштан өттү канча жан?


Кара жол. Колдо чамадан.

Кыйлага турам жол тосуп.

Шыбырайт ак жаан жайма-жай,

Шыбактан тамчы мөлт этип.


Кылчая карап артка улам,

Бир атчан кайкы кыр ашып, 

Ал сурап келген аптага

Окуган уулун узатып. (“Кыргызстан маданяты” 31-май, 1990-жыл).

Бул ыр ошол кезде партиянын чакырыктарына жооп кылып, эл акындары баш болуп жазган “совхоздун ак койлорундай, бири-бирине окшош ырларга” (О.Султанов) кайнаса каны кошулбайт. Анан калса, чабандардын кайратман эмгегин даңктап, “малыңды семиз багып, партиянын тапшырмаларын күжүрмөндүүлүк менен аткарып жатасың” деген мазмундагы декларативдүү, трафарет ырлар кыргыз поэзиясында толтура, мисалы: 

 Алган төл, кыркылган жүн көп саналып,

 Сөз бүтпөй сөз артынан сөз жаралып.

 Бышкырып, кээси уктап, кээси кепшеп,

 Ныксырап койлор жатат төш таянып. (“Ала-Тоо” 1978, №4, 36-б.) деп акын Эсенгул Ибраев койлордун “бакубат турмушун” поэзиянын суррогатында жазса, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев ага үлгү көрсөтүп:

 Кой жатат корум ташындай, 

 Кепшегенди унутпай.

 Уй дагы жатат жашынбай,

 Үйлөп койгон тулуптай. (“Ала-Тоо” 1968, №8, 20-б.) деп мал семиз багылып жатканын трафарет ыры менен даңазалап, “адабий беш жылдыктын” күжүрмөнү болгон. Ал кезде “эл акыны” наамы, сыйлыктары бар, жазуучулук өнөрдү мансапка айлантып алган Темиркул Үмөталиев, Абдрасул Токтомушев, Насирдин Байтемиров, Майрамкан Абылкасымова, Муса Жангазиев, Тенти Адышева сыяктуу ортозаар акындар адабияттын көч башылары болуп, бийлик тарабынан сый-урматка бөлөнүп, чыгармачылыгынын негизги озуйпасын социалдык заказ аткаруу, партияга кызмат кылуу деп билген калемгерлердин күнү тууп турган кез. Ленин, эмгек, партия, эл достугу, тынчтык, ишембилик темасындагы идеологиянын желегин желбиреткен ырлар жаштар поэзиясында да көп кездеше турган. Бирок Жолдошбек Зарлыкбеков андай оңой жолго азгырылган жок. Алтургай кийин эле эгемендүүлүктүн жылдарында наам алыш үчүн бийликке кошомат кылып, “бөксөлөрдө сөөк-саагың калат кыргыз” деп элге кылапат айткандарга жооп жасап, бир топ акын дүрбөп, жапырт “мен кыргызмын” деп төшүн кагып, кыйкырып, калем кармагандардын баары “кыргыз” деп ураан чакырып калганда да ал мындай публицистикалык аламанга кошулган жок. Себеби, анын поэзияга, турмушка карата өзүнүн көз карашы бар эле. Адабиятка да ал өз жолу менен келди. Ал башкаларга окшоп идеологиялык чектөөлөрдүн алкагында калган жок. Чыгармачылыгы эркин болду, классикалык адабияттын мектебинен сабак алып, символизм, модернизм, экзистенциализм, постмодернизм сыяктуу дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнүн жаңы чектерин белгилеген агымдардын көркөм-философиялык тажрыйбаларын өздөштүрүүгө умтулду, ошолордун көркөм казынасынан нукура поэтикалык табылгаларды издеди. Тоолуктардын турмушунан жандуу бир элес калтырган, эч кандай идеологиялык рамкаларга сыйбаган, саясаттын изи жок нагыз поэзиянын туундусу болгон жогорудагы ыр муну айкын далилдеп турат. 

Кыргыз поэзиясында чабандардын түйшүктүү турмушун, ак пейил мүнөзүн, жандүйнөсүн, жайлоонун пейзажын, табият кубулуштарын түркүн түс боёктору, жандуу, метафоралуу образдары менен Турар Кожомбердиевдин лирикасында кайталангыс болуп, таамай чагылдырылган. Бирок, Жолдошбек Зарлыкбеков тоо койнундагы турмуш тууралуу башкача ой жүгүртөт, койчулардын карашалаган турмушун өз алдынча көрөт, өзүнө гана таандык боёктор менен сүрөттөйт. Ошол бармактайдан кан-жанына сиңген койчулардын турмушу көзүнө ысык көрүнөт. Ал өзү жашаган тоодогу турмушту ой элегинен өткөрүп, сезиминдеги кусалык учкундарынан жандуу эмоционалдык маанай жаратып, философиялык мотив менен жалпылоого жетишип, өзгөчө бир ыргак, жаңы интонация менен ырга айланткан. Ак жаан шыбыргактап себелеп турганда жолго чыккан лирикалык каарман чабан окуудан сурап келген баласын узатып, кайра кетип бараткан учурдагы картинага күбө болот, ал учурдагы пейзаж “шыбырайт ак жаан жайма-жай, шыбактан тамчы мөлт этип” деп мелодикалуу ыргакта конкреттүү да, элестүү да тартылат. Бир караганда сөз кыла турган деле эч нерсе жок, чабан уулун узатып кетип баратат, акын ошону поэтикалуу дүйнөгө айландырып жатат. Жөн эле поэтикалуу дүйнөгө эмес, миң жылдап калыптанган көчмөн турмуштун архетип образы. “Жайды-кыш коюн айдаган, жашоодон өттү канча жан?”, “Тоо-тоодон отун өчүрбөй, турмуштан өттү канча жан” деп жалпылаштырылып, синтезделген саптар көңүлгө уюп, чой-чойлоп кой артында жүргөн карапайым койчунун типтүү, жандуу образы менен жети атасынан бери келаткан жашоо ыңгайын колориттүү тартып, табият менен жуурулушуп жашаган койчунун турмушунун өмүр маңызын ичкериден ачып окурмандын жүрөгүнө жеткирип берип жатпайбы. Тоолуктар темасы жаңы мазмун, жаңы образдар менен толукталып, лирикалык каармандын ички дүйнөсүндөгү оңой менен кармалбаган татаал процесттер, сезим-туюмдары символикалык салыштыруулар, метафоралык туюнтмалар менен берилген. Ар бир сөз жүк көтөрүп, эстетикалык функция аткарган бул ырда акын тоолуктардын образын синтездеп, философиялык жалпылаштыруу менен масштабдуу бере алган. Акын ырдын предметин мурдагыдай көнүмүш ыкмалар менен эмес, жаңыча туюнтуу каражаттары менен чагылдырып, эстетикалык диапозонун кеңейткен. Акындын чыгармачылыгындагы бул жаңы белгилер жашоого, инсанга карата болгон жаңы көз караш, жаңы эстетикалык мамиледен жаралган. Бул ырлар Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылык жолундагы чоң бурулуш болгонун, жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айкындап, бизди жаңы поэтикалык дүйнөгө алып кирет. Анын нагыз поэтикалык дүйнөсүнүн башатында субъективдүү-биографиялык башталмалар жатат. Ошон үчүн акындын баштан кечирген турмуштук тажрыйбалары эстетикалык ажары менен жандуу образдарга айланып, тоолуктардын жашоосунун бир үзүмү өзүнчө бир поэтикалык дүйнө болуп чыга келди. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер