Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйгөнүмдөн кутула албай айлам кетип жатат

Сүйгөнүмдөн кутула албай айлам кетип жатат

28-январь, 21:12
1 275 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     15 жыл мурун мен бир мырза менен таанышкам. Аны өз үйүмө киргизгем. Сүйдүм, кам көрдүм. Бирок ал мырза болбой курусун. Ачууланганда же бир нерсе жакпай калганда, командирдей кыйкырып сүйлөчү. Мени да, үй-бүлөмдү да кемсинтип, кордочу. Андан кутулууга аракет кылдым: кууп чыктым, буюмдарын сыртка ыргытып салдым. Бирок ал кеткиси келбей, кайра-кайра кечирим сурап кайтып келип алчу.

     Мындай мамилелердин беш жылынан кийин, кезектеги жаңжал маалында нервдерим чыдабай калды. Менин жүрөгүм ооруп, ооруканага түшүп калдым. Ал мага күн сайын келип, тамак-аш алып келип, кам көрүп, кечирим сурачу. Ооруканада бир ай жаткандан кийин менде абдан оор депрессия болду. Араң өзүмө келдим, аябай алсырап калдым.

Убакыт өттү, мен калыбыма келип, жумушка чыктым. Бирок ал кайра эле кыйкырып, балдарымды кемсинтип баштады. Дагы эле баягы мамиле тынымсыз нервди жеген абал. Мен кайрадан аны үйүмдөн кууп чыгууга аракет кылдым, бирок эч жыйынтык болгон жок. Анын кыймыл-аракети көңүл бурууга муктаж кичинекей баланын жүрүм-турумуна окшош. Тынымсыз талаптар, кыйкырыктар, кордоолор. Эми кандай кылам?


Нурдана

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер